КОҢУР-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-СУУ МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоо­сунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,6 км, аянты 12,4 км2. Кызыл-Суу­нун (чыгыш) сол куймасы – Каман суусунун ала­бында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5840 м, этеги 3640 м бийикте жатат. Кар чегинин би­йикт. 4240 м, абляциясынын аянты 5,5 км2. «Тили» морена м-н текши капталган (5,6 км2). Мөңгүдөн Камандын сол куймасы – Коңур-Суу башталат.