КОҢУРБАЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОҢУРБАЕВ Эрик Өмүрзакович (18. 10. 1934, Фрунзе – 15. 10. 2005, Бишкек) – биология илимдеринин доктору (1974), профессор (1978). КМУну бүтүргөн (1957). Кыргыз ССР ИАнын Биология

институтунда илимий кызматкер, окумуштуу секретарь (1957–66), Ош МПИде проректор (1966–72), Пржевальск педагогика институнда кафедра башчысы, ректор (1972–87). Москвадагы жогорку билим берүү институтунда илимий кызматкер, эл аралык билим берүү коллежинде проректор (1987–97) болуп иштеген. Энтомология боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.
Эмг.: Экологическая классификация фауны симулинд горных потоков. Л., 1974; Жаратылыш сырлары. Ф., 1978.