КОҢУРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУРАТ – кыргыз урууларынын бири. Сан­жыра б-ча кыргыздын оң канат, сол канат ж-а ичкилик уруулар тобуна кирбеген, өз ал­дынча уруулардан болуп саналат. Генеал. ула­мышта легендарлуу Адигине-Тагайдын Наалы эжесинин коңур (коңур кула, коңур ала) аты­нын байгесине бир бала тийип, андан тараган­дар ошол аттын түсүнө байланыштуу К. деп ата­лып калганы айтылат. К-тардын мындай ата­лышы байыркы кытай хроникаларында да эс­керилип, кыргыздарга (хягас) коңшу көчмөн уруулар жашап, минген аты кула болгон­дуктан, алардын өлкөсү йелочжи, бюньма, била (Н. Бичурин «саврасый» – «кула» деп которсо, Н. Аристов «пегий» – «ала» деп окуган) деп аталганы ж-дө маалыматтар бар. Ал эми Ба­лыкооздун санжырасында байыркы мезгилде кыргызды Ороз, 19 уруу К-ты Сарыбай нойон бийлеп, бул экөө жедигер, тайчык, ногой, кы­тай, катаган, калча ж. б. урууларды кыргызга бириктирип, бир хандык түзүшкөн. С. Абрам­зон К-ты (хонкират) моңголдорго тектеш уруу­лар, кыргыздын этностук тобуна 12–14-к-да кир­ген деп эсептейт. Кыргыздын генеалогиясын изилдөөчүлөр кыпчак, мундуз, каңды, кушчу­лар м-н кошо К-тарды да байыркы уруулардын катарына киргизишет. «Мажму ат-Таварихте» 92 боолуу өзбектин (илатийа) бир уруусу ката­ры эскерилет. Оозеки фольклор б-ча К-тан та­ңатар, андан куттук, кечмелик деген уруулар бөлүнөт. Башка маалыматтарда бөрү, сасбак, чарык деген уруктарга тарап, негизинен Чүй обл­нун Чүй, Кемин, Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз, Ош обл-нун Кара-Суу, Кара-Кулжа ж. б. р-ндор­до турушат. Түш. Кырг-нда жашаган К-тар өзүлөрүн ысык-көлдүк К-тар м-н уруулаш деп эстешет. Мындан тышкары Өзбекстан, Казак­станда да К. аталган уруу жашайт.


Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. 1-том. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.

Р. Жолдошов.