КОҢОРЧОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢОРЧОК – Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нун­дагы кыштак. Коңорчок айыл округуна караш­туу. Алабуга суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 1825 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыш-нан 45 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 354 км. Кыштак 1929-ж. орношкон. Калкы 1075 (2007); негизи­нен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, ФАП, мончо бар.