КОШ КАПКАЛУУ МОЛЛЮСКАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ КАПКАЛУУ МОЛЛЮСКАЛАР (Bivalvia) –омурткасыз жаныбарлардын моллюскалар ти­бинин классы. Узундугу бир нече ммден 1,5 мге, сал­магы 30 кгга чейин жетет. Башы жок, оозунда эки жуп калакчасы бар. Карынында туюк өсүндү болуп, ичиндеги кристалл бутакчасы

Кош капкалуу мол­люсканын жумшак денесинин түзүлүшү:1– алдынкы жана арткы бириктиргич булчуң; 2 – карын; 3– азык сиңирүүчү без; 4 – пери кард капчыгы; 5 – бөй­рөк; 6 – чыгаргыч сифон; 7 – киргизгич сифон; 8 – бакалоор;9 – мантиясынын оң калагы; 10 – ичеги; 11 – жы­ныс бези; 12 – ооз калакчалары; 13 – буту.

азык сиңирүүгө жардамдашат ж-а анаэроб шар­тында жашаган моллюскаларды кычкылтек м-н камсыздайт. Жүрөгү үч камералуу, кан айла­нуусу туюк эмес, бөйрөгү экөө, нерв системасы 3 жуп ганглийден турат. Сезүү органдары начар өнүккөн. Денесинин сырткы эки капталы кап­ка (раковина) м-н капталган. Капкалардын кур­сак жак четтери ачылып, жабылат, жон жагы бири бирине тиш-тиш болуп ашташкан. Кап­канын ички бети седеп заты м-н жылмаланып, жалтырап турат. Моллюсканын денесинин сыр­тынан жаап турган мантиясы (кементайы) бар. Кээ бир түрлөрү бермет пайда кылат. Деңизде ж-а тузсуз сууларда топуракка көмүлүп, кээси бош же субстратка бекип жашайт. Суунун түбүндөгү детрит, планктондор м-н азыктанат. Булар дүйнөлүк океандарда кеңири тараган. 14 түркүмү, 130 тукуму, 1000дей уруусу, 20 миңдей түрү бар. КМШнын деңиздеринде ж-а сууларын­да 400дөй түрү кезигет. Кош капкалуу моллюскалардын көпчүлүгү айрым жыныстуу, кээ бири – гермафродиттер.
Промыселдик мааниси бар: устрица, мидиялар тамак катары пайдаланылат, айрымдарынан бермет алынат. Көпчүлүгү деңиз түбүндөгү жа­ныбарларга жем. Кош капкалуу моллюскалардын айрымдары жы­гачты, ташты тешет, кемелерге, гидротехникалык ку­рулмаларга зыян келтирет.