КОШ БИЙЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ БИЙЛИК – Февраль бурж.-демокр. рев-ясынан (1917) кийин Россияда бири-бирине карама-каршы эки бийликтин өзгөчө шартта ка­тар жашашы (1917-ж. 1–2-март – 5-июль); бурж.
Убактылуу өкмөт м-н пролетариат ж-а дыйкан­дардын рев-ячыл демокр. диктатурасы – Жу­мушчу, солдат ж-а дыйкан депутаттары совет­теринин бийлиги. Рев-ячыл масса Петроградда ж-а жер-жерлерде Жумушчу ж-а солдат депу­таттарынын советтерин уюштурган. Ошол эле убакта ири буржуазия м-н помещиктер Мамл. думанын убактылуу аткомун түзгөн. Советтер куралданган калкка таянып, бийликти өз колу­на алууга тийиш эле. Бирок Советтерде эсерлер м-н меньшевиктер көпчүлүк кылгандыктан, ал жүзөгө ашкан эмес. Петроград советинин атко­мундагы эсер, меньшевик жетекчилер Мамл. ду­манын убактылуу к-ти м-н көпчүлүгү кадет, ок­тябристтерден турган Убактылуу өкмөт түзүүгө макулдашкан. Өлкөнүн борборундагы бийлик Петроград совети м-н Убактылуу өкмөттүн ко­миссарларынын ж-а коомдук уюмдардын к-тте­ринде болгон. К. б-теги ич ара келишпестик аны узакка жашаткан жок. Большевиктердин «Бар­дык бийлик Советтерге» урааны К. б-ти жоюу­га чакырып, бүткүл бийликти тынчтык жол м-н эмгекчилерге берилишин талап кылган. Меньшевиктер м-н эсерлер 1917-ж. июль күндө­рүндө ачык эле контррев-ячыл тарапка өтүшкөн. 9(22)-июлда Жумушчу ж-а солдат депутаттар со­веттеринин БАКы ж-а Дыйкан депутаттар со­веттеринин бүткүл россиялык аткому Убакты­луу өкмөттүн чексиз укуктуулугун кубатташ­кан. Өлкөдөгү бардык бийликке ээ болгон Убак­тылуу өкмөт контррев-ячыл диктатураны ор­ноткондо К. б. жоюлган. Жумушчулар бийлик­ке 1917-ж. 24–25-октябрдагы (6–7-ноябрь) ку­ралдуу көтөрүлүш м-н жеткен.


Ад.: Минц И. И. История Великого Октября. Т. 1– 2, М., 1967–68.