КОШ-ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-ТЕРЕК – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1170 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыш­нан 5 км түш. тарапта. Наманган т. ж. бекети­нен 56 км. Кыштак 1939-ж. орношкон. Калкы 1861 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дый­кан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП, спорт комплекси бар. Тегир­мен, май жуаз иштейт.