КОШ-АЛМУРУТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШ-АЛМУРУТ – Жалал-Абад обл-нун Ала- Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1075 м
бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала- Бука кыш-нан 10 км түш. тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 60 км. Кыштак 1919-ж. негизделген. Калкы 1654 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мончо бар. Тегирмен, май жуаздар иштейт.