КОШУУНДАРЫ
КОШУУНДАРЫ (1917–18) – Октябрь рев-ясынан кийин (к. Октябрь революциясы, 1917) Кырг-нда Совет бийлигин орнотуу ж-а аны чыңдоо үчүн атайын уюшулган куралдуу күч. 1917-ж. декабрь – 1918-ж. мартында уюштурулган. Алардын катарын негизинен фронттон келген солдаттар түзүп, жумушчу-дыйкандар толуктаган. Алар «ыктыярдуу кошуундар» деп аталган. Алгачкы кошуундар Кызыл-Кыя, Сүлүктү ш-нда, 1918-ж. февралда Пишпекте (И. И. Едрёнкин, Я. Н. Логвиненко башчылык кылышкан) түзүлгөн. Аны түзүүгө мүмкүнчүлүк болбогон жерлерде анын ролун элдик милиция аткарган. 1918-ж. К. г. К. к. Кызыл Армиянын улуттук ж-а жерг. бөлүктөрү болуп кайра түзүлгөн.
Ад.: Зима А. Г. Победа Октябрьской Революции в Киргизии. Ф., 1966; История Киргизской АССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Т. 3. Ф., 1986; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана (Становление политической системы кыргызского общества). Б., 2005.
Б. Сатаров.