КОШТОШУУ ЫРЛАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШТОШУУ ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыглыктагы каада-салт ырларынын түрү. Тематикасы жагынан К. ы. ар түрдүү: белгилүү бир шартка ылайык өз жеринен мажбурлап көчүрүлгөндө, өкүмү күчтүү жоодон туулуп-өскөн жерин таштап качканда, элин, жерин коргоо үчүн казатка аттанган жоокерлер, ак жеринен сүргүнгө айдалган акын Т. Сатылгановго («Кош элим», «Кош, апаке») окшогон ырчылар К. ы-н жаратышкан О. эле Улуу Ата мекендик согуш учурунда жоого аттанган кыргыз жоокерлери да К. ы-н жараткан (мис., Ж. Бөкөнбаевдин «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» деген ыры ж. б.).
Ад.: Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1972;
Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.