КОШОК
КОШОК – элдик оозеки чыг-лыктагы каадасалт ырларынын бир түрү. Дүйнөдөн өткөн адамдын жакындары – аялы, кызы, карындашы, келини ж. б. тууган-туушкандары К-ту өзгөчө обон м-н ый аралаш айтышкан. Анда каза болгон адамдын кулк-мүнөзү, ишмердиги, адамкерчилиги, башка асыл сапаттары билдирилген, айрым сатиралык мүнөздөгү К-тордо маркумдун терс сапаттары да айтылган. Белгилүү кошокчулар чоң кадыр-баркка ээ болушкан. Аларды атайылап алдырып, коштурушкан. К. Орхон- Енисей жазууларында, Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгүндө», элдик эпостордо учурайт. К-тун акындар тарабынан чыгарылган мыкты үлгүлөрү да бар (мис., Тоголок Молдонун «Дыйкандын аялынын кошогу», «Устанын аялынын кошогу»). Элдик салт б-ча кыз бергенде да кошушкан. К. азыркы учурда прозалык, поэтикалык, драмалык чыгармаларда айрым турмуштук көрүнүштөрдү чагылдыруу, образды айкыныраак ачуу, тексттин маани-маңызын тереңдетүү максатында колдонулат (мис., Ч. Айтматовдун «Гүлсарат» повестинде, о. эле «Кылым карытар бир күн» романындагы Найман-эне ж-дөгү уламышта ж. б.).
Ад.: Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1972; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.