КОШОЙ БИЙ
КОШОЙ БИЙ Талкан уулу (болжол м-н 1674–
75, туулган жери белгисиз – 1754–55, Кетмен-
Төбө өрөөнү, Коңур-Өгүз кыш.) – 18-к-дын 2-
жарымындагы солто уруусунун бийи; калмак
чапкынынан (к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак согуштары) кийин чачылган кыргыздарды Кетмен-Төбөгө чогултуп, Маматкул бий м-н бирге калмактарга каршы күрөштү жетектеген (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). Маматкулга кеңеш берип, 1755-ж. чейин К. б. солто, Каработо
бий кытай, Майтык, Эшботолор кушчу уруусун бийлеген. Фольклор, эпостордо айтылгандай Таластагы Үч-Кошой суусу; 1) эртегинин эр Кошой;
2) хан Кошой; 3) Талкандын уулу Кошойлор-
дун атынан айтылып калганы, агасы Коңурбай өлгөндөн кийин К. б. анын балдарын (мис., Жайыл баатырды) тарбиялап, чоңойткону тууралуу маалыматтар калган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том.
Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.