КОШКУЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШКУЧ , м у ф т а – вал, түтүк, болот аркан, кабель ж. б-ларды туруктуу же убактылуу би­риктиргич түзүлмө. К. бириктиргич ж-а кый­мыл өткөргүч болуп бөлүнөт. Б и р и к т и р г и ч К. тетиктердин бекем биригишин, жыл­чыксыз бекишин, коррозиядан сакталышын камсыз кылат. К ы й м ы л ө т к ө р г ү ч К. октору бири бирине туура келген бир октол­гоочтон экинчисине же октолгоочтон ага бош кийгизилген тетикке (шкивге, тиштүү дөңгөлөк­кө) айлануу кыймылын берүү үчүн колдонулат. К-тар эң кичинеден баштап эң чоң (бир нече миң

Кошкуч. Туруктуу бириктиргич муфталар: а – бе­кем толуктабас втулкалуу; б – бекем толуктооочу тиштүү муфта; в – эки синхрондуу эмес шарнирлүү муфталардын айкалышы; г – втулка-урчуктуу; е – жапкычтуу муфта. 1– бириктирилүүчү валдар; 2 – муфтанын втулкасы; 3 – сырткы тиштүү втулка; 4 – ички тиштүү обойма; 5 – жарым муфталар; 6 – орто аралык вал; 7 – орто аралык диск; 8 – ийилчээк кабык; – валдын туурасынан жылышы; – вал­дын бурчтук жылышы.

кВт) моменттерди, кубаттуулуктарды берүү үчүн колдонулат. К-тарда моменттерди берүү кый­мылсыз бириктирилген кинематикалык жуптар түрүндөгү тетиктердеги мех. байланыштар (геом. байланыштагы К.); сүрүлүү же магнит күчтөрү (күч байланыштагы К.); инерциялык же электр­магнит талаасынын индукциялык күчтөрү (ди­намикалык байланыштагы К.) м-н жүргүзүлөт. Иштөө мүнөзү ж-а негизги милдети б-ча К-тар туруктуу бириктиргич; башкаруу системасы ар­кылуу валдарды бириктирип ж-а ажыратып туруучу башкарылма; режими өзгөрүлгөндө вал­дарды бириктирүүнү, ажыратууну автоматтык түрдө аткарган өзүн өзү башкаргыч; машинанын иштөө шарты бузулуп, коркунуч туудурганда валдарды ажыратып жибере турган сактагыч ж-а сыйгаланма болуп бөлүнөт. Бул К-тар ат­каруучу ишине ж-а жасалышына жараша түргө бөлүнөт.