КОШИ МАСЕЛЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШИ́ МАСЕЛЕСИ – дифференциалдык теңдемелер теориясынын негизги маселелеринин бири. yn=f [x, y, y1, ... , y(n–1)] (1) теңдеме үчүн Коши маселеси төмөнкүчө коюлат: (1) теңдеменин бардык y=y(x) чыгарылыштарынын арасынан x өзгөрмө чондугу x маанини алганда y(x )=y, 0 0 0 y1(x )=y ,–yn–1(x )=y(2) баштапкы шартты 0 1 0 n–1 канааттандыра турганын табуу керек. Коши маселесин айрым туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн да коюуга болот. Теңдемеге ж-а баштапкы шартка кирген функциялар анализдик функциал болгондо, Коши маселесинин чыгарылышы бар ж-а жалгыз гана болорун О. Коши далилдеген (1842).