КОЧҢАР-БАШИ
КОЧҢАР-БАШИ , К о ч к о р - Б а ш ы – Кочкор өрөөнүндөгү 10–12-к-га таандык шаар. Шаар аркылуу Караханиддер кагандыгынын аймагындагы байыркы Жибек жолунун бир айрыгы өткөн. К.-Б. тууралуу алгачкы маалыматтар Абу Саид Гардизинин 1050–52-ж. фарсы тилинде жазылган «Зайн ал-ах-бар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») чыгармасында кездешет. Караханиддер династиясынан Мавераннахрды алгач каратып алган Буура хан Харун Мусанын, Баласагундан Кашкарга кайтып баратып, 992-ж. К.-Б-да өлгөндүгү айтылат. Мындан кийинки К.-Б-га тиешелүү маалыматтар Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат-ит-түрк» («Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгү») эмгегинде: өзүнчө бир шаар ж-а К.-Б. м-н Баласагундун ортосунда Занби-Арт деген ашуу бар экени айтылат. В. В. Бартольд Занби-Артты азыркы Шамшы ашуусу м-н салыштырып, К.-Б-ни Чүй суусунун жогорку агымындагы Кочкор районундагы о. кылымга тиешелүү шаардын урандысы деп божомолдогон. Кийинки изилдөөлөрдө о. кылымдагы К.-Б-нин жайгашкан ордун Кочкор шаар калдыгы м-н байланыштырышууда. (Кум- Дөбө айылынын аймагындагы Төрткүл шаарчасы). 2011-ж. казуу иштери жүргүзүлүп, бул жерден таш кетмендер, жаргылчак, Караханиддер мезгилине таандык дубал калдыгы, кемеге, малдын сөөктөрү, карапа идиштер, тыйын, суу түтүктөрү, жүгөндүн тогоолору ж. б. темир ж-а коло буюмдар табылган. Карапа идиштер көп түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Маданий катмарынын тереңдиги 4 мге чейин. К.-Б. Баласагундан анча алыс эмес жерде жайгашкандыктан, Караханиддер мамлекетиндеги соода-экон. катнашты өнүктүрүүнү камсыз кылган. К.-Б. аркылуу өтүү Караханиддердин Кашкар тараптан келаткан соода кербендери өткөн Баласагунга түшө калуунун эң кыска жолу болгон.
Ад.: Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану
лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997;
Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б.,
1998; Асанов Т. И. Кочкор-Башы– Караханий түрктөрдүн байыркы шаары// Коомдук илимдер журналы. Б., 2002.
Т. Асанов.