КОЧКОР ТУЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР ТУЗ КЕНИ , Ч о ң - Т у з к е н и Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нан 24– 30 км түш.-батыш тарапта, Мыкан өрөөнүндө, деңиз деңг. 2100–2241 м бийикте жайгашкан. Жерг. эл илгертен пайдаланган. 1955–56 ж-а 1981–83-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын миоценде пайда бол­гон алевролит, чопо, мергель, гравелит, гипс, таш туз чөгүндүлөрү түзөт. Туздуу катмардын калыңдыгы 300–350 м, уз. 2–3 км, курамы: глау­берит, галит, тенардит. Калыңдыгы 0,1–40 м, уз. 30 мден 300 мге жеткен линза түрүндөгү 17 кабатчадан турат. Глауберит нык, майда крис­таллдуу, боз, агыш боз, жашыл сымал боз, чо­полуу. Галит ак, майда кристаллдуу, тунук.
Жалпысынан чопонун арасындагы туз (50–70%). хемоген чөгүндүсүнөн пайда болгон. Запасы С1 категориясы б-ча 2185 миң т, С – 1583 миң т. 1996-жылга карата запасы С1 категориясы б-ча 2182 миң т, С – 1583 миң т. Нарын, Ысык-Көл, Чүй обл-нын чарбалары 1959-жылдан бери пай­даланат. Хим. сырьё катары колдонсо да бо­лот. Медицинада бронх астмасын дарылоодо жер алдындагы өткөөлдөрү пайдаланылат.