КОЧКОР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нан 14 км түш.- батышта, деңиз деңг. 1845–1877 м бийикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен аймагы плиоцен – алгачкы төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон кон­гломераттан түзүлгөн. Орт. гранулометриялык курамы: 500–70 мм –27%, 70–5 мм –53%, 5 мм­ден майдасы –20%. Кум-шагыл кошулмасы «300» маркадагы бетонду ж-а асфальттык бетонду даярдоого жарамдуу. 1997-жылга карата баланс­тагы запасы А категориясы б-ча – 712 миң м3, В – 1490 миң м3, С – 2274 миң м3.