КОЧКОР-АТА ЧОПО КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЧКОР-АТА ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нунда, Кочкор-Ата ш-нан 1,0 км түн.-
батышта, Ош – Бишкек жолуна жакын, деңиз
деңг. 500–550 м бийикте. 1984-ж. чалгындалган.
Калыңдыгы 5 мден 20 мге жеткен кумайлуу чоподон түзүлгөн. Орт. калыңдыгы 11 м. Кумайлуу чопонун астында кум-шагыл жатат. Кумайлуу чопо «75», «100» маркадагы кыш даярдоого жарамдуу. Запасы А категориясы б-ча
285 миң м3; В – 515 миң м3; С – 859 миң м3.