КОЧАБАМБА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЧАБА́МБА – Боливиядагы шаар. Кочабамба департаментинин адм. борбору. Калкы 616,9 миң, шаар айланасы м-н 900 миң (2009); калкынын саны б-ча Боливиядагы 3 шаар. Нефть ажыратуу, нефть-хим., текстиль, булгаары, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т бар. 1574-ж. негизделген.