КОЦЮБИНСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЦЮБИ́НСКИЙ Михаил Михайлович [5 (17). 9. 1864, Винница – 12(25). 4. 1913, Чернигов] – украин жазуучусу. 1890-жылдан балдар үчүн китептер жазган («Харитя», «Кичинекей бала­ты», экөө тең 1891), дыйкандар м-н жумушчу­лардын турмушуна арналган социалдык-сынчыл маанайдагы повесттер ж-а аңгемелери чыккан («Ишенимге», 1890; «Өч алды», 1894; ж. б.) 1990- жылдардын башында терең психол. новеллага көп кайрылган, украин прозасынын реформа­тору катары чыккан: «Fata morgana» (1–2-бөлүк, 1904–10), «Күлкү» (1906), «Жолдо» (1907), «Ат­тар күнөөлүү эмес» (1912) ж. б. Жашоо-тиричи­ликтин көйгөйлөрүн чагылдырган чыгармалар­га көп көңүл бурган: «Алма гүлү» (1902), «Жал­ган дүйнөдө» (1905). Ушул мезгилдеги чыг-лы­гында импрессионизмдин таасири сезилет. Гу­цулдардын турмушуна арналган «Унутулган ба­балардын карааны» повестинде мифологиялык­поэтикалык башат байкалат. Виннциада (1927) ж-а Черниговдо (1935) адабий-мемориалдык музейи бар.