КОХАНОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОХА́НОВ Гений Алексеевич (10. 10. 1928-ж. т., РСФСР, Новосибирь обл., Татар р-ну, Константиновка кыш.) – жумушчу, Соц. Эмг. Баатыры (1971). 1956-жылдан Фрунзе оор электр машина куруу з-дунунда токарь болуп эмгектенген. План тапшырмасын 8-беш жылдыкта 140%, 9-беш жылдыкта 147% аткарган. 1973-ж. Москвада өткөн Тынчтыкты сүйүүчү күчтөрдүн конгрессинин катышуучусу. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.