КОФЕ ДАРАГЫ
КО́ФЕ ДАРАГЫ (Coffea) – мареналар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дайыма жашыл же жалбырагы күбүлмө дарак ж-а бадал. Жалбырагы күңүрт жашыл, тушташ чыгып, жыттуу ак гүлү жалбырак колтугунда жайгашат. Мөмөсү кызыл же каралжын

кызгылт, ширелүү, мөмө коргону ж-а 2ден уругу (кофе буурчагы же даны деп аталат) болот. Африка м-н Азиянын тропик алкагында 40ка жакын түрү кездешет. Айрым түрлөрүнүн уругунда 0,6–2,7%
кофеин болуп, ал тонусту көтөрүүчү суусундук –
кофе даярдоо үчүн керектелет. Ысык өлкөлөрдө К. д-нын 4–5 түрү, көбүнчө арабия К. д. (С. arabica L.) өстүрүлөт. Анын мекени – Эфиопия; 14–15-к-да башка континенттерге таралып, 18-
к-дан Бразилияда өстүрүлөт. К. д. көбүнчө башка өсүмдүк (кокос пальмасы, банан, цитрус
өсүмдүктөрү ж. б.) м-н өстүрүлөт. Жыл бою гүлдөп, мөмөсү быша берет. Ар дарактан жылына орт. 1 кгдан урук (гектарынан 20 цге чейин) жыйналат. Өтө ысык өлкөлөрдө Конго д-нын боюнан таралган Конго К. д. же канефора (С. ca- nephora) өстүрүлүп, андан негизинен эриме кофе даярдалат.