КОФЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́ФЕ (ар. кахва) – кофе дарагынын даны ж-а андан даярдалган сергитүүчү, күчтөндүрүүчү азык. К. даны чийки, куурулган ж-а майдала­нып тартылган түрдө пайдаланылат. К-нин ку­рамындагы кофеин адамдын борб. нерв систе­масына чыйралтуучу ж-а күчтөндүрүүчү таасир тийгизет. Жүрөгү, башы, ичеги-карыны оорулуу­ларга ж-а кан басымы жогоруларга К. ичүүгө болбойт.