КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ – а. ч. өсүмдүктөрүн ил. негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. К. э. жерди иштетүү, жер семирткичтерди пай­далануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. м-н күрөшүүгө байланыштуу болот. К. э. топу­рактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа К. э., тоют өсүмдүктөрүн К. э. ж-а атайын К. э. Т а­л а а К. э-дө аянттын көп бөлүгүн дан эгинде­ри, картөшкө, тех. өсүмдүктөр (күн карама,


зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м­д ү к т ө р ү н К. э-дө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. А т а й ы н К. э-дө өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жа­шылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. К. э. сис­темасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрон. ж-а экон. жактан талданат. Ошонун натыйжа­сында жерг. аймак шартына ылайык эгилүүчү өсүмдүктөр аныкталат. К. э-нү иш жүзүнө ийги­ликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиора­циялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротех. иш чараларды аткаруу зарыл. К. э. системасы а. ч. илими м-н алдынкы тажрыйбанын жетишкен­диктеринин негизинде улам жакшыртылып ту­рат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мис., жаз­гы дан эгиндерин кайталап эгүүдө кара сулу, чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. К. э-дө хим. дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. К. э. туура жүргүзүл­бөсө, зыянкеч м-н илдет козгогучтар да көбөйөт. Мис., күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, кар­төшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошон­дуктан К. э. ил. жактан негизделген система б-ча жүргүзүлөт.


Ад.: Воробьев С. А. Основы полевых севооборотов, М., 1972.