КОСТЮШКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСТЮ́ШКО Тадеуш Анжей Бонавентура (4. 2. 1746, Беларуссия, Брест обл., Ивацевич р-ну, Меречёвщизна кыш. – 15. 10. 1817, Швейцария, Золотурн, сөөгү Вавелага коюлган) – польша­лык саясий ж-а аскер ишмери. Варшавадагы рыцар мектебин (1769), Париждеги аскер акаде­миясын (1774) бүткөн. 1776-ж. АКШга кетип, Түн. Америкадагы көз карандысыздык үчүн со­гушка (1775–83) катышкан. Саратоганын ал­дындагы салгылашта (1777) америкалыктарга жардам берип, Вест-Пойнт форту ж. б. корго­нуу курулуштарынын планын иштеп чыккан ж-а жетектеген, бригада генералы (1783) наамын алган. 1784-ж. Польшага кайтып келип, гене­рал-майор (1789), 1792-ж. орус аскерлерине кар­шы согушуп, генерал-лейтенант наамын алган. 1794-ж. Польша көтөрүлүшүнүн башталышы ж-дө жарыялап, улуттук куралдуу күчтөрдү же­тектеп, Рацлавицанын алдындагы салгылашта орус аскерлерин талкалаган. 1794-ж. 10-октябр­да Мацеёвицтин алдындагы салгылашта жара­дар болуп, туткунга түшкөн. 1796-ж. орус пады­шасы Павел I К-ну (аны м-н 12 миң поляк) эр­киндикке чыгарган. К. Россияга каршы күрөш­пөөгө ант берип, АКШга кеткен. 1798-ж. Париж­ге кайтып, өмүрүнүн акыркы жылдарын Швей­царияда өткөргөн. К-нун ысмы 1943-ж. СССРде түзүлгөн Польша аскеринин 1-жөө аскерлер дивизиясына ыйгарылган. Польшада, АКШда К-го эстелик коюлган. Австралиядагы эң бийик тоо К-нун атынан аталган.