КОСТА-РИКА
КО́СТА-РИ́КА , К о с т а - Р и к а Р е с п у б л ик а с ы – Борб. Американын түш. бөлүгүндөгү мамлекет. Түн.-чыгышынан Кариб деңизи, батышы м-н түштүгүнөн Тынч океан м-н чулганат (деңиздик чек арасынын уз. 1290 км).

Түндүгүнөн Никарагуа, түш.-чыгышынан Панама м-н чектешет (кургактыктагы чек арасынын жалпы уз. 639 км). К.-Р-га Тынч океандагы Кокос а. да таандык. Аянты 51,1 миң км2. Кал- кы 4549,9 миң (2008). Борбору – Сан-Хосе. Расмий тили – испан тили. Акча бирдиги – костарика колону. Адм.-айм. жактан 7 провинцияга, алар өз ичинен 68 кантонго бөлүнөт.

К.-Р. – БУУга (1945), ЭВФке (1946), Эл аралык өнүгүү ж-а реконструкция банкына (1946), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1948), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К.-Р. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. 7-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, 4 жылга (кайра шайланууга укуксуз) шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Мыйзам чыгаруучу ассамблея), 57 депутаттан турат, 4 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин министрлер кабинетинин жардамы м-н президент жүзөгө ашырып, министрлерди дайындайт. К-Р-да көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Улуттук боштондук партиясы, Жарандык аракет партиясы, Боштондук кыймыл партиясы, Социал-христиандык биримдик партиясы.
Табияты
. Кариб деңизинин жээги түздүктүү,
айрым жерлери өтө саздашкан, мангр токою м-н курчалган; Тынч океандын жээги өтө тилмеленген (жарым арал, булуңдуу), абразия-бухталуу. Материктен түш.-батыш тарапта жанартоонун атылуусунан пайда болгон Кокос а. жайгашкан. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн тоолуу рельеф ээлейт. Борб. бөлүгүндө түн.-батыштан түш.-чыгышты карай жанартоолуу Кордильераде-Гуанакасте (жанартоолору: Миравальес, бийикт. 2028 м; Ринков-де-ла-Вьеха, 1806 м; 1968-
жылдан бери тынымсыз аракеттеги – Ареналь
жанартоосу, 1633 м), Борб. Кордильера (жанартоолору: Ирасу, бийикт. 3432 м; Турриальба, 3328 м; Барба, 2906 м; Поас, 2704 м ж. б.) кырка тоолору созулуп жатат. Борб. Кордильеранын түш.-батышында жанартоодон пайда болгон, 900–1200 м бийиктикте жайгашкан Борб.
плато – өлкөнүн эң өздөштүрүлгөн ж-а калк
жыш отурукташкан району. Түш. бөлүгүндө жайгашкан, өтө тилмеленген Кордильера-де-Таламанка кырка тоосунун бийикт. 3819 м (Чиррипо-Гранде чокусу – өлкөнүн эң бийик жери).
Өтө катуу жер титирөө болуп турат; түш.-ба-

Ареналь жанартоосу.
тыш жээги цунаминин таасирине чалдыгат. Эң маанилүү кен байлыгы – алтын (Бельявиста
ж. б. кендери); о. эле күмүш, аллюминий, жез, коргошун, цинк, марганец, хром ж. б. кендери бар. Цементтик акиташ тегинин, карапалык чопонун, диатомиттин, табигый курулуш материалдарынын ө. ж-лык мааниси бар.
К.-Р. субэкватор климат алкагында жайгашкан. Түн.-чыгыш ж-а түш.-батыш аймактарынын климаты өтө нымдуу (жылдык жаан-чачыны 3000–4000 мм). Жыл бою мол жаайт, январь–мартта бир аз азайып (айына 50–100 мм),
сентябрь–октябрда көп (айына 600 ммден ашык)
жаайт. Айлык орт. темп-расы 23°Сден 26°Сге чейин (Лимон). Түн.-батыш бөлүгүндө жаан-чачын
кыйла аз (жылына 1000–1500 мм) жаайт; кургакчыл сезон даана байкалат (декабрь – апрель),
айлык орт. темп-расы 26,5°Сден 28,5°Сге чейин (Пунтаренас). Тоолордо жаан-чачындын өлчөмү каптал экспозициясына байланыштуу, батыш ылымта капталдарына ж-а тоо аралык өрөөндөргө аз жаайт); абанын темп-расы бийиктеген сайын төмөндөйт; 1000 м бийиктикте орт. темпра 21–23°С (Сан-Хосе), бийик тоолордо абанын
орт. темп-расы 10°Сден ашпайт. Дарыя тармагы жыш; Кариб деңизинин алабына кирген дарыялардын (Сан-Хуан, Парисмина, Матина ж. б.) суусу жыл бою мол, ал эми Тынч океандын алабындагы дарыяларга (Темписке, Рио- Гранде-де-Тарколес, Рио-Гранде-де-Терраба) агымынын сезон б-ча өзгөрүүсү ж-а жайында суунун кирүүсү мүнөздүү. Дарыялары босоголуу, басымдуу бөлүгүндө кеме каттабайт, гидроэнергетика ресурстарына бай. Жыл сайын калыбына келүүчү суу ресурстары 112 км3ди түзөт;
өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 26,4 миң м3
суу туура келет.
Кариб бою түздүгүнүн басымдуу бөлүгүнө ж-а тоолордун айдарым капталдарына кызыл-сары ферралит, өлкөнүн түн.-батышына кызыл ферралит, айрым жерлерине күңүрт-кызыл ферралит топурактары мүнөздүү. Түздүктөрдө күңүрт түстүү слитозём, саз ж-а аллювий, жээктерде марш топурактары өөрчүгөн. Борб. платодо күр-
дүү жанартоо топурактары тараган. Өлкөнүн экол. негизги проблемаларынын бири – активдүү
эрозиядан кыртыштын тилмеленүүсү. Өлкөнүн аймагынын чакандыгына карабай анын биол. ж-а ландшафттык ар түрдүүлүгү өтө жогору. Флорасынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн
11 миң түрү бар, анын 950 түрү – эндемиктер,
450дөн ашык түрү жоголуу алдында турат. Токой өлкөнүн аймагынын 46,8% аянтын ээлейт, бирок 20-к-дын ортосунда эле токойлуулук 85%ке жеткен. 1990-жылдардын ортосуна чейин К.-Р. токойсуздануу б-ча Латын Америкасында өтө жогору, дүйнөдө эң жогору өлкөлөрдүн бири болгон; 2000-жылдардын башталышынан токойсуздануу кыйла басаңдаган, сакталып калган токой массивдери коргоого алынган. Кариб бою ойдуңунда ж-а тоолордун чыгыш
капталдарында (600–800 м бийиктикке чейин)
нымдуу дайыма жашыл тропик токою таралган, ал бийик ж-а көп ярустуу келип, баалуу дарактарга бай, токой астында түрдүү пальма, эпифиттер жыш өсөт. Ал каптал өйдө дарак
сымал папоротниктүү «туман токою» м-н алмашат. 2000–2300 м бийиктиктен жогору эмендин
эндемиялык түрлөрүнөн турган токой таралган. Эң бийик чокуларын бийик тоо шалбаасы –
парамо ээлейт. К.-Р-нын түн.-батыш бөлүгүнө ж-а батыш ылымта капталдарына сезондукнымдуу ж-а кургакчыл тропиктик токой мүнөздүү; азыр алардын басымдуу бөлүгү экинчи жолку саванна, а. ч. жерлери м-н алмашкан. Борб. платодо маданий өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Сүт эмүүчүлөрдүн 230дан ашык (13 түрү жоголуу алдында), канаттуулардын 830дан ашык түрү белгилүү (18 түрү жоголуу алдында). Сойлоочулары м-н жерде-сууда жашоочулары да ар түрдүүлүгү ж-а жогорку эндемизми м-н өзгөчөлөнөт. Токойлордо жоголуу алдында турган ж-а мамлекет тарабынан коргоого алынган, Борб. Америкага мүнөздүү мышык сымалдардын (оцелот, пума, онцилла, ягуар, америка мадылы) түрлөрү, тапир, алп кумурскачы ж. б. кездешет. Жээктерде сейрек кездешүүчү деңиз таш бакасынын жатактары, деңиз куштарынын ири топтору

коргоого алынган. Жээк сууларынын биол. ар түрдүүлүгү (деңиз балыгынын 700дөн ашык, деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн 200дөн ашык түрү) өтө жогору.
Өлкөнүн аймагынын 1/4
бөлүгүн ээлеген улуттук табият парктары уюшулган. Коргоого алынган аймактардын саны ж-а статусу б-ча К.-Р. Борб. Америка өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунда.
Ла-Сельва биол. станциясы – тропиктик экосистеманы изилдөөчү дүйнөдө ири борборлордун бири. Ири Ла-Амистад улуттук паркында (ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген) Борб. Америкадагы жерг. тропиктик токойдун эң ири массиви корголот. Сарино-Балье-

на ж-а Исла-дель-Коко деңиз коруктары, бийик тоолуу Чиррипо улуттук паркы, Монтоверде тропиктик жамгыр токою коругу белгилүү. Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине Кокос аралы улуттук паркы, коргоого алынган Гуанакасте аймагы, Таламанка Рейнж ж-а Ла-Амистад резерваттар тобу (К.-Р., Панама) киргизилген.
Калкы
. Коста-рикалыктардын көбүн (78,7%ин) актар (креолдор) түзөт. Чибча индейлери негизинен өлкөнүн түштүгүндө жашап, 1,7%ти, метистер 9,7%ти, Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнөн келгендер 6,8%ти, Весть-Индиялык негрлер (ямайкалыктар) 1,3%ти, кытайлар 0,8%ти түзөт, о. эле америкалыктар, басктар, англис, араб, еврей улуттары да жашайт. 20-к-дын ортосунан баштап К.-Р-нын калкынын саны 6 эсе өскөн (1950-ж. 800,8 миңден 2000-ж. 3810,2 миңге чейин). Региондун жалпы өлкөлөрүндөгүдөй эле К.-Р-да төрөлүүнүн төмөндөшүнөн (2008-ж. 1000 адамга 17,4 бала) ж-а өлүм-житим деңгээлинин туруктуулугунан (1000 тургунга 4,3 адам – Латын Америкасындагы эң төмөнкү көрсөткүч) калктын табигый өсүүсүнүн темпи басаңдоодо (1,34 %). Калкынын орт. курагы 27,1 жаш. Эмгекке жарамдуу калкы (15–64 жаш) 66,8%, балдар (15 жашка чейинкилер) 27,2%, 65 жаштан ашкандар 6,0% (2008). Калкынын жашынын күтүлгөн орт. узактыгы 77,4 жаш, эркектериники 74,8, аялдарыныкы 80,1 (2008). Орто эсеп м-н 100 аялга 102 эркек туура келет. К.-Р. жашоого ыңгайлуу өлкө болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөн келген мигранттар көп (миграция сальдосу 10 миң тургунга 4,8 адам, 2008; өлкөнүн калкынын табигый өсүү- сүнүн 1/ и да мигранттардын эсебинен түзүлөт, Расмий маалымат б-ча К.-Р-нын калкынын 7,8%и иммигранттар ж-а алардын тукумдары (2000; 1950-ж. 4,5% болгон), никарагуалыктар 5,9%, панамалыктар 0,3%, америкалыктар (АКШ) 0,3%, сальвадорлуктар 0,2%, колумбиялыктар 0,2%. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 89,1 адам туура келет (2008). Калк өлкөнүн аймагы б-ча бир кылка отурукташкан эмес. Анын 3/ ү Борб. платодо, о. эле Никоя булуңунун ж-а Кариб деңизинин жээктеринде да калк жыш жайгашкан; бул аймактарда калктын жыштыгы адатта 1 км2 жерде 100 адамдан ашып кетет. Тынч океан жээгинде калктын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 30–50 адам. Калк эң сейрек (1 км2 жерге 1 адамдан аз) отурукташкан аймактары – Кариб деңизинин жээгиндеги ж-а Сан-Хуан д-нын алабындагы саздуу түздүктөр, бийик тоолуу аймактар, Оса ж. а. Шаар калкы 59% (2007). Эң ири шаары – Сан-Хосе (калкы 343,5 миң, шаар агломерациясында 1666,6 миң; 2008); башка ири шаарлары: Сан-Франсиско (Сан-Хосе агломерациясынын курамында, калкы 66,4 миң), Лимон (65,8 миң), Либерия (52,4 миң). Экон. активдүү калкы 2018, миң (өлкөнүн калкынын 45,4%и, 2007). Калктын 75%ке жакыны католиктер, 13%ин протестанттар, 3%ин башка диндегилер, 9%ке жакыны динди тутушпайт.
Тарыхы
. К.-Р-нын азыркы аймагына негизинен чибча индейлери 16-к-дын башында отурукташкан. 1573-ж. аларды испандар басып алып, көбүн кырган. 1560-ж. К.-Р. Гватемала генералкапитандыгынын курамына кирген. 1821-ж. Латын Америкасындагы көз каранды эместик үчүн согуш мезгилинде Гватемала генерал-капитандыгына көз каранды эместиги жарыяланган. К.-Р. 1822-ж. А. де Итурбиде Мексика империясынын, 1823-ж. Борб. Америка бириккен провинциясынын курамына (өз өкмөтүн ж-а автономиясын сактап калган) кирип, борбору Сан- Хосе ш. болуп калган. 1820-жылдары К.-Р-да либералдык ж-а консервативдик саясий топтор калыптанган. 1820–30-жылдары негизинен либералдык топтун өкүлдөрү прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашырган. Губернатор Х. Море Фернандестин башкаруу мезгилинде (1824–33) К.-Р-нын алгачкы конституциясы кабыл алынган (1825). Билим берүү системасы жакшырып, жолдор салына баштаган. 1838-ж. К.-Р. Борб. Америка бириккен провинциясынын курамынан чыккан. 1848-ж. 30-августта өлкө конгресси К.-Р. Респ-нын эгемендүүлүгү ж-а көз каранды эместиги ж-дө декларация кабыл алып, мамлекеттин желеги м-н гимнин бекиткен. 1856– 60-ж. К.-Р. региондогу башка мамлекеттер м-н бирге амер. жаран У. Уокер жетектеген флибустьерлердин Борб. Американы каратып алуу аракеттерине каршы күрөшкөн. 1850-жылдардын аягында К.-Р-нын экономикасы өтө тез темп м-н жогорулай баштаган. 19-к-дын аягында борборду Кариб ж-а Тынч океан жээктериндеги өлкөлөр, о. эле порттор м-н бириктирүүчү т. ж. бутактары салынып, өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк капитал кире баштаган (негизинен түн. амер.). Президент Р. де Х. Хименес Ореамунонун учурунда (1910–14) салык киргизилип, (андан түшкөн акчалар билим берүүнүн өнүгүшүнө жумшалган), армиянын саны 1 миң кишиге кыскарган. 20-к-дын башында жаңы саясий партиялар ж-а уюмдар пайда болгон. 1901-ж.Улуттук-респ.партиянегизделип,ири буржуазиянын, плантаторлордун ж-а улуттук интеллигенциялардын кызыкчылыктарын көздөгөн. 1920-жылдары алгачкы коммунисттик топтор калыптанып, 1931-ж. Коммунисттик партия (1943-жылдан Элдик авангард партиясы) түзүлгөн. 1940-ж. Улуттук-респ. партиянын лидери – Р. А. Кальдерон Гуардия өлкөнүн президенттигине шайланып, 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде СССР м-н дипл. мамилелерди түзгөн (1944). 1941-ж. Коста-рикалык социалдык камсыздандыруу палатасы түзүлүп, 1943-ж. Эмгек кодекси кабыл алынган. Коста-рика коомунун консервативдик күчтөрү Р. А. Кальдерондун жүргүзгөн саясатына каршы чыгышкан. Натыйжада Улуттук-боштондук партиясынын (УБП) лидери Х. Фигерес Феррер куралдуу төңкөрүш жасап, 1948-ж. 8-майда бийликти басып алган. Анын Убактылуу өкмөтү аялдарга ж-а 18ге чыккан жарандарга шайлоого катышууга укук берүү, өлкөнүн аскер күчтөрүн кыскартуу ж. б. өзгөртүүлөрдү киргизүү ж-дө жаңы Конституциянын долбоорун даярдаган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин (1949), Улате-и-Бланко президенттикке шайланып, Фигерес Феррер Убактылуу өкмөттүн башчысы кызматынан кеткен. 1953-ж. Фигерес Феррер кайрадан президенттикке шайланып, 1950–60-жылдары АКШ ж-а соц. (Венгрия, Румыния, Чехословакия, Польша, Германия Демокр. Респ. ж. б.) мамлекеттер м-н дипл., соода-экон. ж-а маданий байланыштарды түзө баштаган. Фигерес Феррер өлкөдөгү чет элдик т. ж. компанияларын мамлекеттештирип, АКШ нефть тресттеринин чалгындоолоруна тыюу салган. 1978-ж. консервативдик коалициянын өкүлү Р. Карасо Одио президенттикке шайланган. Анын бийликке келиши м-н өлкөдө экон. кризис, Борб. амер. кофе сатуудан түшкөн киреше төмөндөп, нефтинин дүйнөлүк баасы өскөндүктөн улам региондо саясий туруксуздук байкалган. 1982-жылдары президент Л. А. Монхе Альварестин мезгилинде К.-Р. өкмөтү АКШ м-н экон. байланыштарды түзгөн. 1986-ж. президенттикке шайланган О. Ариас Санчес Никарагуа ж-а Сальвадордогу ички чыр-чатактарды тынчтык жол м-н жөнгө салууга, демокр. кайра түзүүлөрдү ишке ашырууга аракеттенген. 2006-ж. О. Ариас Санчес кайрадан өлкө президенттигине шайланган. 2007-ж. анын өкмөтү социалдык-экон. өнүгүүнүн мамл. планын кабыл алып, адам эркиндигин ж-а укуктарын коргоого багытталган ж. б. иш-чараларды жүргүзөрүн билгизди.
Чарбасы
. К.-Р. – Латын Америкасындагы туруктуу ж-а социалдык жактан ийгиликтүү
өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 49,73 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 11,9 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси жогору (0,846) өлкөлөрдүн катарына кирет (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 46-орунда, Латын Америкасында Барбадос, Аргентина, Чили, Уругвайдан кийинки 5-орунда). 1980-жылдарга
чейин К.-Р-нын чарбасы мурдатан салт болуп калган а. ч. продукциясын (кофе, банан, кант)
өндүрүп ж-а экспорттоп келген. 1980-жылдардын башталышынан экономиканы либералдаштыруу, эркин экон. зоналарды түзүү (ЭЭЗ), ө. ж.
өндүрүшүн диверсификациялоо, агр., экспорттун структурасын кеңейтүүгө багыт алган. К.-Р-нын ички стабилдүүлүгү, өлкөнүн Түн. ж-а Түш. Американын аралыгында жайгашкан абалы, ЭЭЗ-дин иштөөсүнө ыңгайлуу шарты, билимдүү, англис тилин билген эмгек ресурстарынын арбындыгы чет элдик инвестициянын арбын түшүүсүнө (2006-ж. 1469 млн доллар) өбөлгө түздү. К.-Р. капиталдык салымдын басымдуу бөлүгүн иштеп чыгаруучу ө. ж-на түз (1996–2005-ж. орто
эсеп м-н 68%, Мексикада 48%, Бразилияда 28%) жумшаган: негизинен электрондук татаал технол. өндүрүштүн продукциялары, мед. аспаптар. Капиталдык салымдын азыраак бөлүгү тейлөө
чөйрөсүнүн (туризм, кыймылсыз мүлк операциясы, маалымат технологиясы) өнүгүүсүнө багытталат. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 61,8%, ө. ж-ныкы 29,4%, а. ч-ныкы 8,8% (2006). Мамл. сектор (энергетика, нефть иштетүү, байланыш, порт башкармалыгы) ИДПнин 10%тен азын гана камсыз кылат.
Ө. ж-нда иштеп чыгуучу тармактын мааниси зор; машина куруу, металл иштетүү, жеңил, химия, тамак-аш, курулуш материалдар ө. ж. тармактары да өнүккөн. Отунга болгон муктаждыкты дээрлик импорт канааттандырат. Бир аз алтын казып алынат (2005-ж. 3007 кг); кенташ
эмес кендери да бар. 2005-ж. 8,35 млрд кВт.с
электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 7,77 млрды ички керектөөгө жумшалат. Электр энергиясынын 80%ке жакыны ГЭСтен өндүрүлөт (аныкталган жалпы кубаттуулугу 2,1 миң МВт). Хенераль д-нда эң ири ГЭС каскады курулган (кубаттуулугу 600 МВт). Лимон ш-нда өлкөдөгү жалгыз нефть ажыратуучу з-д (кубаттуулугу 25 миң барель/сутка) ж-а анын жанында жалгыз ЖЭС жайгашкан. Венесуэладан алган импорттуку нефть (2,18 млн т ). Келечекте, 2021- жылдан углеводородду колдонуудан толук алып салуу каралган. Иштеп чыгаруу ө. ж-нда 3 өндүрүштүк топ иштейт. Алардын ичинен эң маанилүүсү – ЭЭЗдин чегинде чет өлкөлүк инвесторлор курган ишканалар болуп саналат. ЭЭЗ-ден сырткаркы режимде иштеген ишканалар адатта улуттук жеке капиталга баш ийип, сырткы ж-а ички рынокко продукция (негизинен резина, пластмассадан жасалган буюмдарды, металл буюмдарын, о. эле тамак-аш ж-а жыгач иштетүү продукцияларын) чыгарат. Салттык товарларды (банан, кофе, кант) өндүрүү ж-а экспорттоо чэйрөсүндө чет элдик ж-а улуттук жеке капиталдуу ишканалар иштейт. ЭЭЗ-де экспорттук продукциянын 52,4%и өндүрүлөт (2007); электрондук продукциянын 90%и, мед. продукциянын 99%тен ашыгы, зер буюмдардын 79%тейи, текстиль, бут кийим, булгаары буюмдардын 55%тен ашыгы, тамак-аш ө. ж. продукцияларынын 45%ке жакыны, хим. товарлардын 35%и. 2006-ж. татаал технол. электрондук продукцияларды (микропроцессор ж-а микросхема, программалык камсыздоону иштеп
чыгуу б-ча кызмат көрсөтүү) чыгаруучу өндүрүштөрдө чет өлкөлүк 51 компания, мед. жабдууларды чыгарууда 22 компания иштеген. Өзүнүн токой ресурстарынын базасында фанера, плита, ширеңке, эмерек, картон идиштерин ж. б.
чыгарат. Цемент ө. ж. ички рынокту камсыз кылууга багытталган. Жеңил ө. ж-нда салт болуп калган кебез-кездеме, жибек, синтез кездемелерин чыгаруу, тери иштетүү м-н бирге, жаңы
тармактар – тигүү, трикотаж, бут кийим ишканалары пайда болду. Жеңил ө. ж. мөмө ширесин, концентраттарды, пюре, кант, бал камыш спиртин, пальма майын, о. эле кофе, күрүч, сүт ж-а этти кайра иштетүүгө адистешкен.
Көп тармактуу а. ч-нын өнүгүүсүнө өлкөнүн жагымдуу агроклиматтык ресурстары ыңгайлуу шарт түзөт. А. ч-га жарактуу жери 2,9 млн га, анын 2,34 млн гасы шалбаа ж-а жайыт, 0,23 млн га жери айдоо, 0,33 млн гасы көп жылдык өсүмдүктөр; сугат жери 110 миң га (2005).

Башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк (а. ч. продукция наркынын 69,3%и; 2006). К.-Р. эзелтен эле кофе, банан, бал камыш, какао, пахта ж-а тамеки өстүрүүгө адистешкен; 1980-жылдардан баштап экспорттук маанидеги агр. продукциянын ассортименти кыйла кеңейди. 2000- жылдардын ортосунан баштап агр. экспорттун негизин банан (экспорт наркынын 35%и; экспорттун көлөмү б-ча дүйнөдө 3-орунда), ананас (26%), кофе (13,6%), коон (4,4%), гүл (4,3%)
түздү; о. эле манго, томат, пияз, кулпунай, апельсин, кокос жаңгагынын ж-а пальма майынын мааниси зор. Эзелтен мал чарбасы өнүккөн (ири
чарбасы ранчо деп аталат), куш асыроо тез өнүгүүдө. Агр. продукциянын негизги кардардары: АКШ (наркынын 42,5%и), Европа союзуна кирген (32%и; а. и. Нидерланд, Германия, Бельгия, Улуу Британия, Италия) ж-а Борб. Америкадагы (15% чамасында; Никарагуа, Гватемала, Гондурас, Сальвадор, Панама) өлкөлөр.
Өлкөнүн экономикасынын башкы тармактарынын бири – чет элдик туризм, 1990-жылдардан ылдам өнүгүүдө. 2005-ж. өлкөгө 1,7 млн чет элдиктер келген; туризмден түшкөн киреше 1,6 млрд долларды түздү. Саякатчыларды ж-а туристтерди тейлөөсү Латын Америкасындагы
өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку деңгээлде.
Өлкөдө экотуризмге зор маани берилет. Калыптанган туристтик инфраструктурасы (чакан мейманканалар басымдуу) экол. туристтерди тейлөөгө ыңгайлуу. Чет элдик туристтердин 60%ке
чейинкиси улуттук парктарга же табият резерваттарына сөзсүз барат. 2000-жылдардан агротуризм өнүгүүдө. Байланыш системасы өнүккөн; Интернетти 1,214 млн адам (өлкөнүн калкынын 28,9%и) пайдаланат.
Транспортунун негизги түрү – автомобиль.
Автомобиль жолунун жалпы уз. 35,3 миң км. Негизги автомагистралы – түндүктөн түштүктү
карай кеткен Панамерика шоссесинин бир бөлүгү. Т. ж-нун жалпы уз. 700 кмдей (2007); ал бирдиктүү тармакты түзбөйт. Негизги магистралы Кариб деңизинин жээгин Тынч океан м-н байланыштырат. Нефть продукт өткөргүчүнүн (Лимон – Сикиррес – Турриальба – Эль-Альто – Эль-Гарита – Баранка) уз. 242 км. Сырткы
соода жүктөрүнүн басымдуу бөлүгүн деңиз аркылуу К.-Р-га таандык бир гана кеме (жүргүнчү, жүктү кошо) ташыйт. Негизги порттору: Кариб
деңизинин жээгинде – Лимон (сырткы соода
жүгүнүн 90%тейи өтөт), Тынч океандын жээгинде – Кальдера. Эл аралык аэропорттору Сан-
Хосе (Хуан-Сантамария) м-н Либерияда (Даниэль Одубер).
Товардык экспорттун наркы 9343 млн доллар, импорттуку 12 954,7 млн доллар (2007). Экспорттун 78%и даяр ө. ж. буюмдары (анын 50%тен ашыгы электрондук техника, 13%ке жакыны мед. багыттагы продукциялар), 22%и агр. про-

дукция. Экспорттун басымдуу бөлүгү АКШга (наркынын 41%и; 2007), Борб. Америкадагы ж-а Кариб деңизинин алабындагы (21%), Азиядагы (21%, а. и. Кытай 12%тей) өлкөлөргө, Европа союзуна кирген өлкөлөргө (17%, а. и. Нидерландга 12%тен кашык, Улуу Британияга 6%тен ашык) жөнөтүлөт. К.-Р. сырттан электрондук тетиктер м-н компоненттерди, нефть м-н нефть продуктуларын, металл буюмдарын, таңгактоо материалдарын (кагаз, картон), азыктүлүктүн айрым түрлөрүн (а. и. дан эгиндерин – жүгөрү, буудай, чанактуулардан – төө буурчак, соя, мал чарба продукцияларын ж. б.) сатып алат. Негизги импортчулары: АКШ (импорт наркынын 41,2%и; 2006), Венесуэла (5,4%), Мексика (5,2%), Ирландия (5%), Япония (4,9%), Бразилия (4,3%), Кытай (4,1%).
Маданияты
. Билим берүү мектепке чейинки, милдеттүү базалык жалпы (баштапкы жана орто) жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Жогорку билимди мамлекеттик жогорку окуу жайлардан алышат. Илимий мекемелери, башкы музейлери, китепканалары Сан- Хоседе. Күн сайын гезиттер чыгат, радиостанциялар, 20дан ашык телестанциялар иштейт.
Адабияты испан тилинде өнүгүүдө. XVIII кылымда жана XIX кылымдын 1-жарымында адабият агартуучулук багытта өнүккөн. XIX кылымдын 2-жарымында поэзия турмушту сүрөттөөгө көңүл бурса, XX кылымдын башында модернизм (Р. Бренес Месен), реализм ( Х. Мерин Каньяс, Кармен Лир) өкүм сүргөн. XX кылымдын ортосунда поэзия социалдык нукта өнүксө (Х. М. Селедон жана башкалар), кийин адабиятта психологиялык анализге көңүл бурулган. XX кылымдын аягы XXI кылымдын башындагы белгилүү акын-жазуучулар И. Ф. Азофейфа, Л. Пикадо, К. Наранью жана башкалар. Коста-Рика аймагында индей маданияты Мексика, Панама, Колумбия элдеринин маданияты эриш-аркак өнүккөн (рельефтүү таш алтарлар, адамдардын жана жаныбарлардын сөлөкөттөрү жана баштары, ар кыл формадагы карапа идиштер жана башкалар). Колониял мезгилдеги курулуштар (XVI–XVII кылымдар) кайталанып туруучу жер титирөөлөрдөн жок болуп кеткен. Кудай эне чиркөөсүнүн урандылары гана сакталып калган. Эреди Ла-Иммакулада-Консепсьон базиликасы эрте классицизм менен барокконун элементтери айкалыштырып жасалган(1797–1804). Коста-Риканын колониялык мезгилде пайда болгон шаарлары Сан-Хосе жана башкалар Латын Америкасынын шаар курулушуна типтеш: тик бурчтуу көчөлөр, ачык боёктор менен сырдалган короолору бар жапыз үйлөр, коомдук имараттар менен борбордук аянт ансамблдери. Колониялык мезгилде искусство чыгармалары Гватемала, Мексика, Эквадордон алынып келинген. XIX кылымдын 2-жарымында жергиликтүү чеберлер пайда боло баштаган: таш менен иштеген Х. Мора Гонсалес, боёлгон жыгачтан портрет жана айкел жараткан айкелчи Ф. Гуттьеррес, живописчи Э. Эчанди Монтеро. Көз карандысыздыктан кийин Коста-Рикада классицизм духундагы курулуштар пайда болгон (Улуттук сарай, 1851–1856, архитектору В. Куртце; кафедралык собор, 1871–1878, архитектору Х. Кирс Фильгер; экөө тең Сан-Хоседе). Германиялык архитектор П. Эренберг Брикман Коста-Риканын архитектурасына «жаңы кыймыл» (Г. Куберонун үйү, 1933) жана ар деко («Кино палас» кинотеатры, 1935) принциптерин киргизген, «Шифтер» кеңсе имаратын интернационалдык стилде долбоорлогон (1954, Сан-Хосе). XX–XXI кылымдардагы белгилүү архитектор В. Станьо постмодернизм идеялары менен экологиялык, тропикалык шартка айкалышкан курулуштарды (Гумбольд Көркөм искусство борбору, 1999, Сан-Хосе; «Holcim» компаниясынын имараты, 2003–2004, Алахуэла) долбоорлогон. XIX кылымдын аягынан сүрөт искусствосу өнүккөн. 1897-жылы Көркөм сүрөт академиясы (азыркы Коста-Рика университетинде көркөм искусство факультети), 1928-жылы «Искусство досторунун ийрими» түзүлгөн. XX кылымдын белгилүү чеберлери живописчи жана айкелчи М. Хименес, айкелчи Ф. Суньига, график Ф. Амигетти чыгармачылыгында реализм салттарын экспрессионизмдин элементтери менен айкалыштырган. Элдик кол өнөрчүлүктө карапачылык, токуучулук, сокмочулук жана жыгачка оюу түшүрүү, жазуу өнүккөн.
Индей музыкасы мая жана ацтек цивилизациясынан башталат; ырым-жырымдардын элементтери чибча элинин музыкалык салттарында сакталган. Креоль музыкасы бардык жерде таралган: майрамдарда аскер оркестрлери аткарат, сарсуэл көрсөтүүлөрүндө, ярмаркаларда, маскараддарда ойнолот, католиктердин диний майрамдарын коштойт (Христостун туулган күнүн майрамдоого вокалдык-аспаптык ансамблдер гитара, скрипка, аккордеон, барабан, бубен жана башкалар менен катышат). Креоль музыкасынын бир кыйла бөлүгү XX кылымда фольклорчу Э. Прието тарабынан жазылып калган; аны композитор ж-а аткаруучу Л. Саласара кеңири жайылткан. 1845-ж. Сан- Хоседе гватемалалык музыкант Х. Мартинес алгачкы үйлөмө аспаптар оркестрин уюштурган. 1850-жылдан опералар коюла баштаган, 1897-ж. Улуттук опера театры курулган. XIX кылымдын аягында атайын окуу жайлары – Улуттук музыкалык мектеп жана Түндүк Сессилиядагы музыкалык мектеп ачылган. 1940-жылы Коста-Риканын Улуттук симфониялык оркестри уюшулган. 1942-жылы Г. Агиларанын жетекчилигинде Улуттук консерватория түзүлгөн. XX кылымдагы белгилүү композиторлору: Х. Мата, А. Прадо, Р. Уллоа жана Р. Санц, Б. Гутьеррес, Б. Флорес; кийинки муундагылар – М. Альфагуэль, Л. Д. Херр, В. Поррас, Х. Л. Асеведо.
Ад.: Всё о странах мира. Атлас справочник. С.-П., М., 2006; Страны мира. Справочник. М., 2006; Коста- Рика// Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010; Страны и регионы мира. 3-е изд. М., 2009.