КОСТАНАЙ ОБЛУСУ
КОСТАНАЙ ОБЛУСУ Казакстан Респ-ндагы адм.-айм. бирдик. 1936-ж. 29-июлда Костанай м-н Торгой обл-нун негизинде уюшулган. Респнын түн. бөлүгүндө, Тобол д-нын жогорку алабында жайгашкан. Аянты 196,0 миң км2. Калкы 913,3 миң (2004). Борбору – Костанай ш.
Шаар калкы 54,2%. Ири шаарлары: Рудный, Лисаковск, Аркалык, Жетигара. Облустун курамында 16 район, 5 шаар, 13 шаарча бар.
Облустун аймагы негизинен Торгой ж-а Чыгыш Урал платолорунан орун алган. Токойлуу талаа, талаа ж-а жарым чөл зонасында жатат. Эң бийик бөлүгү Казак Сары-Аркасы (андагы бийик жерлер: Каракуш, бийикт. 397 м; Көкчө- Тоо, 478 м; Кайыңды-Чоку, 569 м). Кен байлыктарынан темир, боксит, никель, титан, асбест, күрөң көмүр ж-а курулуш материалдарынын ири кендери бар. Климаты кескин континенттик.
Январдын орт. темп-расы –18––19°С, июлдуку 19–20°С. Жылдык жаан-чачыны 300 ммден (батышында) 170 ммге (чыгышында) чейин, анын 75%и жылдын жылуу мезгилине туура келет.
Ири дарыясы – Тобол (Обдун куймасы), анын
куймалары – Сынташты, Аят, Уй, Убаган. Анча
чоң эмес майда көлдөрү көп. К. о-нун түн. бөлүгүнүн кыртышы кара топурактуу (аймагынын 40%и) келип, тулаң ж-а ар түркүн талаа
өсүмдүктөрү, кайың, бай терек, мырза карагай, ал эми түш. бөлүгү коңур топурактуу, мында бетеге, тулаң чөптөр, кумдуу топуракта анча бийик эмес мырза карагай өсөт. 1930-ж. Наурызым мамл. коругу уюштурулган.
Облустун экономикасынын негизин тоо-кен
ө. ж. түзөт. Айрыкча темир кенин казып алуу ж-а иштетүү чоң мааниге ээ. Соколов-Сарыбай (Рудный ш-нда), Кашар (Кашар шаарчасында), Лисаков (Лисаковскиде; мында иштетилген кен Германияга экспорттолот) кен иштетүү комбинаттары бар. Облуста Казакстандын темир кенинин 85%и казылып алынат. О. эле тамакаш (эт-сүт, сары май, ун, пиво ж. б.), жеңил (текстиль, бут-кийим), машина куруу ж-а металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт.
Облуста республиканын эгин аянтынын 18%и, малынын 13%и жайгашкан. А. ч-га жарактуу жери 18,1 млн га, анын 4723,3 миң гасы эгин аянты, 136,0 миң гасы чабынды, 450,0 миң гасы жайыт. Мурунку чарбалардын ордуна 37 ЖЧК м-н АК ж-а жүздөгөн фирмалар ж. б. уюшулду.
К. о-нун аймагы аркылуу электрлештирилген Астана – Карталы т. ж. магистралы өтөт.
Т. ж-нун уз. 1355 км, автомобилдики 8,3 миң км. 2003-ж. жалпы билим берүүчү 729 мекеме, 8 ун-т м-н пед. ин-т, мад-т үйлөрү, китепканалар, музейлер бар.
Ад.: Костанай облусу // Казакстан улуттык энциклопедиясы. Алматы, 2004.