КОСТАНАЙ
КОСТАНАЙ – Казакстандагы шаар. Костанай обл-нун адм. борбору. Тобол д-нын сол жээгинде жайгашкан. Калкы 205,5 миң (2004). Т. ж. тоому. 1879-ж. негизделип, Новониколаевск, 1893-жылдан шаар болуп, Николаевск деп аталган. 1895-жылдан азыркы атында. 1921–25-ж. Ак-Төбө обл-ндагы Костанай губерниясынын, 1925–30-ж. округунун, 1930-ж. районунун 1936-ж. Костанай обл-нун борбору. Жеңил (камвол-нооту комбинаты; «Большевичка» бут кийим ф-касы), тамак-аш (эт-сүт, ун-жарма, нан комбинаттары), курулуш материалдар (темирбетон, кыш з-ддору), машина куруу ж-а металл иштетүү, хим., электр энергетика ө. ж. ишканалары ж-а о. эле 10 АК, 9 ЖЧК, 4 МКК иштейт. Пед. ун-т, а. ч. ин-ту, коллеждер (кооперация, индустр., автомобиль, курулуш), 2 кесиптик-тех. окуу жайлары, музей, 2 мад-т үйү, обл. драма театр, филармония, 13 китепкана, оорукана, диспансерлер бар.
Ад.: Кустанай: вчера, сегодня, завтра. А.-А., 1979.