КОСОВО
КО́СОВО – Балкан ж. а-ндагы мамлекет. Түндүгүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Черногория, түш.-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң км2. 2
Калкы 2 млн чамасында (2010); негизинен албандар, о.эле серб, черногориялыктар жашайт.
Борбору – Приштина ш.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косово талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар д. агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орт. темп-расы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орт. жаан-чачыны 700 мм). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын.
8–12-к-да К. аймагы Рашка мамлекетине,
Биринчи Болгар падышалыгына ж-а Византияга, 12-к-дын аягында сербдердин бирдиктүү мамлек етине ки рген. 1346-жылдан Серб патриархатынын (резиденциясы – Печ ш.) борбору
болгон. Косово талаасындагы салгылашуудан (1389) кийин К. Сербия м-н бирге түрк султандыгынын (1459-жылдан Осмон империясынын курамында) вассалына айланган. 17-к-га чейин аймактагы калктын көп бөлүгүн сербдер түзгөн.
1683–99-ж. Австрия-Түркия согушунун жүрүшүндө К. аймагын австриялык аскерлер ээлеп, сербдер массалык түрдө К-дон чыгып кетишкен. 19-к-дын аягында К. албандардын улуттук кыймылынын борборуна айланган. 1878-ж. Призрен
ш-нда аскердик-саясий уюм – Призрен лигасы
(Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономиялык адм. бирдик түзүүгө чакырган. Түрк бийлиги автономия ж-дө маселени кароодон баш тарткандыктан, албан улуттук кыймылынын лидерлери алар м-н болгон байланыштарын үзгөн. Призрен лигасынын куралдуу отряддары К. аймагынын бир бөлүгүн басып алып, жерг. албан администрациясынын органдарын түзгөн. 1881-ж. К. аймагына түрк аскерлеринин кириши м-н кыймыл токтотулган. 1897–1900-ж.
К-до албандардын кыймылы кайрадан күч алган. Балкан согуштарынын (1912–13) натыйжасында К. Сербия м-н Черногориянын, 1918-ж. Серб, хорват ж-а словендер (1929-жылдан Югославия) королдугунун курамына кирип, 3 адм.-айм. бирдиктердин (Вардар, Зет ж-а Моравия бановиндери) ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1941-ж. Улуу Албаниянын курамына К-нун борб. бөлүгү, 2-дүйнөлүк согуш убагында К-нун көп бөлүгү Албания итал. протекторатынын курамына бириккен. Итал. аскерлердин оккупациясы мезгилинде 40 миңдей серб өлтүрүлүп, 100 миңдей серб К-ну таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1944-жылдын аягында К. аймагы итал. аскерлерден бошотулуп, 1945-ж. кайрадан Югославия Федеративдик Эл Респ-нын (1963-жылдан Соц. Федерациялык Югославия Республикасы, СФЮР) курамына кошулган. 1945–63-ж.
АО, 1963–69-ж. Сербия Респ-нын курамындагы
Косово ж-а Метохия автономиялык крайы (1969- жылдан Косово). 1974-ж. СФЮРдун Конституциясы б-ча крайдын автономиялык статусу кеңейип, К. СФЮРдун өзүнчө субъектисине айланып, Сербия м-н бирдей укуктарга ээ болгон. 1981-ж. крайда студенттик массалык толкундоолор өтүп, Югославиянын чегинде толук укуктуу респ. статусун талап кылышкан. 1989-ж. сербиялык Скупщина Сербия Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, автономиялык крайдын укуктарын чектеген. Бул чечим албандык сепаратизмдин күчөшүнө алып келип, кан төгүүлөрдөн кийин К-до аскердик кырдаал киргизилген. Ошол эле жылы К-до И. Ругова жетектеген Косово Демокр. лигасы түзүлгөн. 1991-ж. сентябрда көз карандысыз Косово Респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1992-ж. майда президенттик ж-а парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, И. Ругова К. президенти болуп шайланган. 1996-ж. К-до «Косово боштондук армиясы» (КБА) түзүлүп, ал Сербия мамл. бийлигинин
өкүлдөрүнө ж-а жерг. сербиялык калкка каршы террор баштаган. 1998-ж. кырдаал курчуп, кагылышуулар куралдуу түргө өткөн. Сербиялык коопсуздук күчтөр КБАнын базаларына каршы чабуул жасап, аны Албанияны көздөй сүргөн. Югославия Союздук Респ-нын (ЮСР) жетекчилиги аймактагы тынчтык абалды калыбына келтирүү ж-дө Ругова м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул б-ча ЮСР президенти С. Милошевич К-го Сербия курамында улуттук автономия укуктарын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген. 1999-ж. 24-мартта НАТО ЮСРге каршы агрессиясын баштап, Сербия аймагын бомбалаган. 1999-ж. БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы б-ча К. аймагында туруктуулук м-н тартиптүүлүктү сакташ үчүн НАТО жетектеген эл аралык күчтөр киргизилген. К-ну убактылуу БУУнун Генералдык секретарынын атайын өкүлү башкарып, ал БУУнун Косоводогу Миссиясын жетектеген. 2004-ж. октябрда К-до парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Косово Демокр. лигасы жеңишке жеткен. 2008-ж. 17-февралда К. парламенти К-нун көз карандысыздыгын жарыялаган. 2011-жылдын февралына БУУга мүчө болгон 192 мамлекеттин 75и К-нун эгемендүүлүгүн тааныган. 2010-ж. 22-июлда БУУнун эл аралык соту К-нун эгемендүүлүгүнүн жарыяланышын эл аралык укукка каршы келбейт деп тааныган.
К. – негизинен агрардык өлкө, экон. активдүү
калктын 1/ не жакыны а. ч-нда эмгектенет. Дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), тамеки, жашылча-жемиш, бак-дарак өстүрүлөт; жүзүмчүлүк кеңири таралган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.
Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын
казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. О. эле лигнит, хромит, магнезит казылып алынат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, текстиль, булгаары, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт.
Ад. Овчинский В. С. «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.