КОСМОС ЫЛДАМДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́СМОС ЫЛДАМДЫГЫ – гравитация талаа­сында космос аппаратынын орбитага чыгарыл­ган учурдагы ылдамдыгынын төмөнкү чектик мааниси. Астрономияда ж-а космостук учуулар­дын динамикасында үч (биринчи, экинчи, үчүнчү) К. ы. колдонулат. Жердин жасалма жандоочу- ларынын б и р и н ч и К. ы. v1 = GM/r , мын­да G – гравитациялык турактуулук, M – жер массасы, r – Жер борборунан нерсенин Жерге салыштырмалуу айланган траекториясына жа­ныма б-ча багытталган ылдамдыгы v ге бара- бар болгон мейкиндик чекитине чейинки аралык. Биринчи К. ы. (айлануу ылдамдыгы) – нерсеге ал Жердин жасалма жандоочусу болу­шу үчүн берилген эң кичине баштапкы ылдам­дык.
Биринчи К. ы. v1 7,91 км/сек м-н орбитага чыгарылган аппарат эллипс же айлана б-ча кыймылдайт. Э к и н ч и К. ы. (парабола ыл- дымдыгы) v22GM/r v1. Экинчи К. ы. (11,186 км/сек) м-н орбитага чыгарылган аппа­рат Жердин тартуу күчүнүн таасиринен чыгып, Күн системасындагы башка планеталарды көздөй учат. Ү ч ү н ч ү К. ы. (v3= 16,6 км/сек) м-н орбитага чыгарылган аппарат Жердин ж-а Күндүн тартуусунан чыгып, Күн системасынан башка жылдыз аралык мейкиндикке өтөт. Бул ылдамдыктардын сан маанилери Жерден учу­рулган аппараттарга гана тиешелүү, ал эми алар башка планетадан учурулса, ал ылдамдыктын сан маанилери ар башка болот. Анткени ал сан маанилери планеталардын гравитациялык та­лааларынын касиеттерине көз каранды.