КОСМОС СТАНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́СМОС СТАНЦИЯСЫ – космосто космонавт­тардын иштешин ж-а эс алуусун камсыз кылуу­чу орбитадагы космос аппараты. Биринчи К. с.


«Салют» (уз. 14 м) 1971-ж. учурулган. 1973-ж. учурулган «Салют-2» К. с-нда космонавттар 22 күн иштешкен. Ошол эле жылы АКШнын «Скайлэб» (уз. 27 м) К. с. учурулган ж-а үч эки­паж иштеп, 1978-ж. орбитадан алынып, ишин токтоткон. Андан кийин орбитага «Салют» ж-а «Мир» К. с-лары учурулган. «Прогресс» космос кемеси «Салют» К. с-н отун м-н камсыз кылып анын иштөө мөөнөтүн узарткан. «Мир» К. с-нын жалпы салмагы 100 т болгон. Көп улуттан тур­ган Эл аралык К. с. 1998-ж. чыгарылган. К. с. астрономдор үчүн жаңы шарттарды түзүп, Жер­деги жаратылыш байлыктарын, биол. изил­дөөдө, салмаксыз абалда ар кандай материал­дарды иштетүүдө, кристалл өстүрүүдө ж. б. жүргүзөт.