КОСМОС КЕМЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́СМОС КЕМЕСИ – адамды ж-а керектүү каражаттарды космоско алып чыгуучу аппарат. К. к-нин негизинен жашоого мүмкүн болгон жылчыксыз кабинадан, Жерге кайтып келүүчү аппараттан, кондурууда ж-а манёвр жасоодо орбитасын өзгөртүүчү кыймылды башкаруучу түзүлүштөн турат. Жер орбитасында учуучу К. к. – жандоочулар (к. Жердин жасалма жандоочулары), ал эми асман телолоруна учурулуучу планета аралык (экспедициялык) К. к. деп аталат. О. эле орбиталык станцияларга адам, жүк жеткирип, кайра алып келе турган транспорттук К. к. бар, мис., «Восток», «Восход», «Союз», «Меркурий», «Жемини», «Апполон» ж. б., к. Космос аппараты.