КОСМОСТОН СҮРӨТКӨ ТАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОСТОН СҮРӨТКӨ ТАРТУУ , к о с м о с­т у к с ъ ё м к а – космосто учуп жүрүүчү аппа­раттардагы так приборлордун жардамы м-н Жер­дин, асман телолорунун, тумандуулуктардын, галактикадагы ар кандай кубулуштардын сүрөтүн, элесин, турпатын, түспөлүн кагаз бе­тине түшүрүү. Жер бетинин түзүлүшү өз алдын­ча ыкма м-н тартылып, ири аймакты кучагына алат. Мындай тартылган сүрөттүн жардамы м-н Жердин атм-сы, литосферасы ж-а ландшафт­тык түзүлүштөрү, глобалдык, аймактык, зона­лык өзгөчөлүктөрү изилденет. Бир эле аянт бир нече жолу кайталанып тартылгандыктан, жа ратылыштагы кубулуштардын мезгилдик өзгө­рүүлөрүн (жаан-чачын, суу сактагычтарда суу­нун толушу, жанартоолордун атылышы, өрттүн чыгышы ж. б.) көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт. Мурда электр-магниттик толкундардын көзгө көрүнгөн спектрдик диапазонунда жүргүзүлүп, контейнер парашюту м-н Жерге түшүрүлчү. Азыр ак-кара, түрдүү түстүү сүрөттөр телеге тартылып, инфражылуулук, микротолкун, радар, спектро­метр сыяктуу фотоэлектрондук сүрөткө түшү­рүүлөр пайдаланылат. Бирок колдонулуучу приборлор аэросъёмкадагыдай эле. Мында сүрөткө түшүрүүнүн орт. масштабы 1:1 000 000дон1:10 000 000го чейин. Жерди К. с. т. иштери 1946-ж. ракета, 1960-ж. Жердин жасалма жан­доочусу, 1961-ж. киши башкаруучу космостук кемеде Ю. А. Гагарин тарабынан ишке ашкан. 1976-ж. «Союз–22» космос кемесинде «Карл Цейс Йена» (ГДР) элдик мекемеси МКФ–6 деген көп зоналуу аппаратты колдонуп, көп түстүү электр жарыгынын жардамы м-н Жерди сүрөткө тар­тып алган. Жердин бир тарабы түрдүү түстө (спектрдин бардык зонасында) сүрөткө тарты­лып, боёктуу ж-а ак-кара түскө караганда так маалымат бере алган. Тартылып алынган сүрөт­төр, маалыматтар метеорологияда, геологияда, геоморфологияда, чарбанын бардык тармакта­рында кеңири колдонулат.


Ад.: Петров Б. Н. Орбитальные станции и изучение Земли из космоса//Вест. АН СССР. 1970, ¹ 10; Ис­следование прир одной среды пилотируемы х орбитальных станций. Л., 1972.