КОСМОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́СМОС (гр. kjsmos – катар, тартип, дүйнө, Аалам) – белгилүү тартипти, ырааттуулукту, сактаган материянын системасы. Гректер тара­бынан илимге Ааламдын синоними катары кир­гизилген.Өзүнөпланеталар,жылдыздар,галак­тикалар арасындагы мейкиндикти ж-а андагы бардык объектилерди камтыйт. К. жылдыздар­дын ж-а галактикалардын дүйнөсү – алыскы К. ж-а Жердин жасалма жандоочулары аркы­луу изилденүүчү жакынкы К-ко бөлүнөт. «К.» термини алгачкы Жердин жасалма жандоочу­сун учургандан тарта кеңири колдонула баш­тады.