КОСМОЛОГИЯ
КОСМОЛО́ГИЯ (космос ж-а ...логия) – бүтүндөй Ааламдын түзүлүшү ж-а эволюциясы ж-дөгү илим. Мейкиндик м-н убакыттын геом. түзүлүшү, Аалам. эволюциясы, анын ар кандай объектилеринин (айрыкча галлактикалардын) ж-а алардын топторунун пайда болушу ж-а өсүшү болуп эсептелет. К. эмпирикалык маалыматтарды галактикадан тышкаркы астрономиядан алса, анын теор. негизи физиканын жалпы закондоруна таянат. К-да үлгү ыкмасы ж-а эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ЭЭМ кеңири колдонулат. К-нын корутундулары ил. ж-а филос. чоң мааниге ээ. Ааламдын түзүлүшү тууралуу көптөгөн жоромол бар. Алардын негизинде Коперник теориясы, б. а. бардык планеталар Күндү айланат ж-а алардын өз ара байланышы тартылуу (гравитация) деген. Бирок 20-к-да гана Ааламды бир жалпы ж-а кеңейүүчү өлчөмдө кароо түшүнүгү орун алган. Азыркы К-да ысык Аалам үлгүсү кеңири тараган. Бул үлгү б-ча Аалам кеңейе баштаган баштапкы мезгилде зат ж-а нурлануу өтө жогорку темп-рага ж-а тыгыздыкка жетет. Кеңейүү акырындык м-н гравитациялык конденсациянын натыйжасында галактикалардын башталышын, галактикаларды, жылдыздарды ж. б. космос телолорун пайда кылат. Ааламдын чечиле элек маанилүү проблемалары: сингулярдуулук деп аталган Ааламдын алгачкы өтө жогорку тыгыздыктагы абалы ж-а анын жашоосунун акыркы фазасы (сингулярдуулук абалга кайра келүүсү).