КОСМОДРОМ
КОСМОДРО́М (космос ж-а гр. dr–mos – чуркоо, жүгүрүү орду) – космос аппараттарын кураштыруу, учууга даярдоо, учурууга арналган курулмалар м-н жабдуулар ж-а тех. каражаттар ор-

нотулган аймак. К-дун көмөкчү ж-а тейлөөчү жайлары м-н кызматына ракетанын кыймыл траекториясын аныктоочу өлчөө пункту, отункана, суу, энергия м-н камсыз кылуу тармагы, турак жай шаарчасы, байланыш ж-а телекөрсөтүү түйүндөрү, оңдоочу база, аэродром, унаа коммуникациясы кирет. Кээ бир К-до ракетаалып жүргүчтүн иштетилген баскычтарын түшүрүү үчүн атайын жер участкалары бар. Т е х.
п о з и ц и я – ракета-алып жүргүч м-н космос
объектилерин кабыл алуу, сактоо, кураштыруу, сыноо, керек отунду куюу ж-а бири-бирине ашташтырып бириктирүү үчүн колдонулма атайын тех. жабдуулар м-н жабдылган комплекс.
С т а р т т ы к к о м п л е к с – ракета учурула
турган системага орнотулат, күйүүчү отун куюлуп учурулат. Бул иштердин бардыгын орундатуу үчүн старттык комплексте атайын тех. жабдуулар орнотулат. К. калк жашаган аймактан алыс ж-а экваторго жакын жерге курулат. Себебииштелгенбаскычтынкалдыктарыэлгекоркунучсуз аймакка түшөт ж-а ракета спутникти геостационардык орбитага жеңил алып чыгат. Космос кемесин ж-а космоско учуруучу аппараттар Капустин Яр, Плесецк (Россия), Байкоңур (Казакстан), Канаверал тумшугундагы Чыгыш сыноо полигону, Уоллопстогу Батыш сыноо полигону (АКШ), Куру (Франция), Сан-Марко (Италия), Утиноура, Танегасима (Япония), Чангенцзе (КЭР), Шрикарико (Индия) ж. б. К-дордон учурулат. Алгачкы Жердин жасалма жандоочусу ж-а биринчи адам космоско СССРде (азыркы Казакстан) Байкоңур К-унан учурулган.
Ад.: Уманский С. П. Ракеты носители. Космодромы.
М., 2001.