КОСМОГОНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОГО́НИЯ (космос ж-а ... гония) – астроно­миянын асман телолору м-н алардын система­ларынын (Күн системасы, жылдыздар, галак­тикалар ж. б.) пайда болушун ж-а эволюция­сын изилдөөчү бөлүгү. Жылдыз ж-а Күн систе­масынын К-сы өтө жакшы өнүккөн. 18–19-к-да К-лык гипотезалар Күн системасынын пайда бо­лушуна гана арналган. 20-к-дын 2-жарымында асман телолорунун өлчөмүн, массасын, ылдам­дык катыштарын анализдөө Күн системасынын бирдиктүү муздак газ-чаң булуттан ж-а туман­дуулуктан пайда болушу ж-дөгү божомолдоого алып келген. Гравитациялык күчтүн таасири астында сейректелген чөйрө (газ, тумандуулук) кысылып, анын натыйжасында жылдыз, жыл­дыз системасы ж-а планеталар калыптана баш­тайт. К. изилдөө объектилери б-ча планеталар, жылдыздар, галлактикалар К-сы болуп бөлүнөт.