КОРЯК АВТОНОМИЯ ОБЛУСУ
КОРЯ́К АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ Россиянын субъектиси, Камчатка крайынын курамында. Камчатка ж. а-нын түндүгү м-н ага чектеш жаткан материктин бөлүгүнөн ж-а Карага а-нан орун алган. Батышын Охота, чыгышын Беринг деңиздери чулгайт. Аянты 301,5 миң км2. Калкы 27,9 миң (2003). Адм.-айм. жактан 4 районго, 2
шаарчага бөлүнөт. Борбору – Палана шаарчасы.
Ы. Чыгыш федерация округуна кирет. Мамл. бийликтин органдар системасы 1997-ж. кабыл алынган Коряк Автономия округунун уставы (негизги мыйзам) м-н аныкталат. Мамл. бийликти округдун думасы аткарат.
Калкынын негизин орустар (62%), коряктар
(16,4), украиндер (7,2) түзөт, о. эле чукча (3,6), ительмендер (3) да жашайт. Орустар православие, коряктар салт болуп калган динин тутат; протестанттар да бар. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 0,9 киши. Шаар калкы 28%.
Табияты аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө калктын жашоосуна жагымсыз. Экол. абалы канааттандырарлык. Суулары балыкка ж-а деңиз жаныбарларына бай. Камчатка крабынын
запасы уникалдуу промыселдик мааниге ээ. Таш көмүрдүн 2 кени иштетилүүдө. Платина, алтын ж-а күмүш казылып алынат.
Региондук дүң продукциясынын көлөмү 3364,8 млн рубль. Андагы ө. ж-дын үлүшү 72%,
а. ч-ныкы 1,1%. Маанилүү ө. ж. тармагы – тамак-аш (балык кармалып, беленделет; ири ишканалары: «Корякрыба» ЖАК, Усть-Хайрюзов балык консерва з-ду), түстүү металлургия («Корякгеолдобыча»).
А. ч-га жарактуу жери 26,6 миң га (жер фондунун 1%тен азыраагы), а. и. 8%и айдоо аянты. Жылыткычтарда өстүрүлгөн жашылчачылык, о. эле аңчылык промысели өнүккөн. Бугу асыралат.
Автомобиль жолунун уз. 68 км. Пенжина д-нда кеме жүрөт. Округда жалпы билим берүүчү 29 мекеме, 2 башталгыч ж-а орто окуу жайлары, музей бар. Бий ж-а фольклор ансамбли иштейт.
Ад.: Корякская автономная область// Россия. М.,
2004.