КОРУМДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМДУ – Ысык-Көл обл-нун Ысык-Көл р-нундагы кыштак. Кум-Бел айыл округуна ка­раштуу. Корумду суусунун боюнда, Бишкек–Ка­ракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңг. 1654 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Чолпон-Ата ш-нан 25 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 100 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 2402 (2007); неги­зинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштакта залкар комузчу Карамолдо Орозов туулган.