КОРУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУК – коргоого алынган жаратылыш айма­гы. Жалпы жаратылыш комплексин мурдагы калыбында өзгөртпөй сактоо максатында уюш­турулат. Мында чарбалык иштер жүргүзүлбөйт. Адатта, К. үчүн белгилүү геогр. зонага өтө мүнөз­дүү жерлер же ил. жактан өтө баалуу табигый объектилер (айбанат ж-а өсүмдүк түрлөрү, тоо байлыктары ж. б.) бөлүнүп берилет. Анда жара­тылышка ар тараптан ил. изилдөөлөр жүргүзү­лөт. Кыргыздарда айдоо, эгиндүү, чабынды ж. б. ушул сыяктуу мал кайтарылуучу жайыт жер-


лер да К. деп аталат. Кырг-нда Беш-Арал, На­рын, Сары-Челек, Ысык-Көл К-тары бар. Ала- Арча, Беш-Таш, Чоң Кемин ж. б. улуттук жа­ратылыш парктары уюшулган.