КОРТРЕЙК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РТРЕЙК , К у р т р е – Бельгиядагы шаар.
Фландрия регионунда, Батыш Фландрия про­винциясында. Лейе д-нын жээгинде жайгашкан. Калкы 73,7 миң (2008; 3%ке жакыны чет өлкөлүктөр, агломерациясында 250 миң). Эл аралык аэропорту бар. Рим тургун-жайынын ордунда негизделип, 1190-жылдан шаар. Шаар­дын башкы аянтындагы анча чоң эмес 5 муна­ралуу вече коңгуроосу ж-а Ыйык Матвей саат мунарасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмеси­не киргизилген. Ратуша, чиркөөлөр, Синт-Эли­забет бегинажы (христиан жетим балдар, же­сир аялдар үчүн кечилкана сымал жай) ж. б.

Синт-Элизабет бегинажы. сакталган. Текстиль, хим., кагаз, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, тор токуу) өнүккөн. Католик ун-ти­нин кампусу, музейлер, театр бар. Дизайнерлер­дин эл аралык конкурстары өткөрүлүп турат.