КОРРУПЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРРУ́ПЦИЯ (лат. сorruptio – сатып алуу, сатылуу) – кызматтык кылмыштардын тобуна тиешелүү белгилердин бири. К. материалдык абалдын артыкчылыгы, ар кандай кызмат даражасы, бийликке ээ болуудан улам келип чыгып, анын кылмыш белгилери ж-а коомго коркунучтуулугу айрым бир же бир нече адамдар (топ) туруктуу катышканына жараша аныкта-
лат. К. жеке кылмыш эмес, адм., тартип бузуу сыяктуу укук бузуулар ж-а кимдир бирөөнүн кызмат абалынан пайдаланышы м-н мүнөздөлөт. Ошондуктан К. башка статьялар б-ча такталып, ар бир кылмыш иши б-ча каралат (мис., Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу, Пара алуу ж. б.).
Ад.: Тимофеев Л. М. Институциальная коррупция: очерки теории. М., 2000.