КОРОЛЬКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРОЛЬКО́В Ярослав Иванович (1843, Каменец- Подольск – 1933, Каракол ш.) – метеоролог, край таануучу, коомдук ишмер. Орус офицери (гене-


рал-майор, 1902). Орус география коомунун анык мүчөсү (1889). Ал 1877–78-ж. орус-түрк компаниясына (Болгарияны Түркиянын эзүүсү­нөн бошотуу) катышкан. 1880-ж. Кырг-нга (Ка­раколго) кызматка которулган. Мында 20 жылча тоо батареясынын командири болуп, 1902-ж. от­ставкага чыккан. 1881-жылдан Теңир-Тоону геогр. жактан изилдөөгө активдүү катышкан. Кырг-нда (Караколдо) 1-метеорол. станцияны ачып, анда 50 жыл бою байкоо жүргүзгөн. Күнгөйдөгү Чоң Ак-Суу мөңгүлөрүн (1899) изил­деген. 1907–08-ж-дагы саякатында Борб. ж-а Батыш Теңир-Тоону аралап өткөн. Орус ж-а чет өлкөлүк илимпоздордун Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына жардам берген. Жерг. эл м-н тыгыз байланышта болуп, кыргыз элинин 1916-жылкы көтөрүлүшүндө падышачылыктын колониячыл саясатына каршы чыккан. Кырг­ндын табияты ж-дө бир катар эмгектер жаз­ган. К-дун ысмынан Тескей Ала-Тоодогу мөңгү, Каракол ш-ндагы көчө аталган.