КОРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РО – Венесуэланын түн.-батышындагы шаар.
Фалькон штатынын адм. борбору. Карио деңи­зине жакын, Парагуана ж. а-нда жайгашкан. Калкы 256,4 миң (2009; штаттагы эң ири шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1524-ж. негизделген. 1578-ж. чейин Венесуэла

Сан-Франциско чиркөөсү (16–17-к. коңгуроосу 1900-ж.).

провинциясынын адм. борбору болгон. Собор (1583–1634), чиркөөлөр сакталган. Шаардын

тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Тамак-аш (негизинен эт ж-а балык консервалары беленделет) ө. ж. ж-а шаарга жакын өлкөдөгү эң ири нефть ажыра­туучу (PDVSA компаниясынын) эки з-д иштейт. Ун-ттер (а. и. Католик ж. б.), ин-т, китепкана­лар бар. Туризм өнүккөн.