КОРИНФ
КОРИ́НФ – Коринф мойногундагы байыркы грек шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф ш-нан 6 км түш.-батыш тарапта жайгашкан. К-ти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калктын жашагандыгы далилденген. Аны болжол м-н б. з. ч. 10-к-да дорийлер негиздеген. Б. з. ч. 8–7-к-да К. Сиракузы, Керкира, Потидей сыяктуу колонияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзгөн. К-тин коло ж-а карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч. 8–6-к-да К-те олигархия м-н тирания бири-бирин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел м-н Периандрдын учурунда (болжол м-н б. з. ч. 657– 585) К. абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-к-дын аягында К. башында Спарта турган Пелопоннес союзуна кирген. Б. з. ч. 431–404-ж-дагы Пелопоннес согушунун чыгышына Афины м-н К-тин эрегишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-ж. К. күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер м-н бирге Коринф согушун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338– 197-ж.) К-ти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-к-да римдиктерге каршы грек шаар-мамлекеттеринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-ж. римдиктер К-ти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-ж.) К. анын башкы шаарына айланган, бирок б. з. 395–521-ж. готтор талкалап, Юстиниандын тушунда К. кайрадан калыбына келтирилген. 1458-ж. оcмон түрктөрү басып алган. 1858-ж. байыркы К. жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. К-ти казуу иши 1896-жылдан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы ж-а гректер м-н римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрларынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.