КОРЕЯ
КОРЕ́Я , К о р е й Р е с п у б л и к а с ы (корейче – Тэханмингук) – Чыгыш Азиядагы мамлекет. Корей ж. а-нын түш. бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Сары, чыгышынан Япон деңиздери м-н чулганып, түш.-чыгышында Корей кысыгы аркылуу Япониядан бөлүнөт. Түндүгүнөн КЭДР м-н чектешет. Айрым жээк аралдарын ээлейт. Жээк сызыгынын жалпы уз. 3413 км. Аянты 99,3 миң км2. Калкы 48,5 млн

(2009). Борбору – Сеул. Расмий тили – корей тили. Акча бирдиги – вона. Адм.-айм. жактан
9 провинцияга ж-а борборго баш ийген 7 шаарга бөлүнөт (к. таблицаны).
К. – БУУнун (1991), ЭВФтин (1955), Эл аралык өнүгүү ж-а реконструкция банкынын (1955), Азия өнүгүү банкынын (1966), Азия-Тынч океан экон. шериктештигинин (1989), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Экон. шериктештик ж-а өнүгүү уюмунун (1996) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү
Корей Респ. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1948-ж. 17-июлда
кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы –
президент, 5 жылдык мөөнөткө шайланат (кайра шайланууга укуксуз). Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындайт ж-а Куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысы болуп саналат.
Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы –
бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш), 299 депутаттан турат, 4 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген
өкмөт ишке ашырат. Корей Респ-нда көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Улуу өлкөлөр партиясы, Биздин ачык партия, Демокр. партия, Демокр. эмгек партиясы.
Табияты
. Жээк сызыгынын уз. 2500 кмден ашык. Япон деңизинин жээги негизинен тоолуу, начар тилмеленген, Сары деңиздики ж-а Корей кысыгыныкы – риас тибинде, булуңдар, жарым аралдар ж-а аралдар көп. Ири аралдары: Кожедо, Чежудо, Чиндо. Корей Респ-нын түш. бөлүгүндө табигый гавандар бар, алардын

жээги тайыз, суу киргенде 10 мге чейин көтөрүлүп, ташкын-тартылуу ылдамдыгы тез болгондуктан, кемелердин кирүүсүн татаалдатат. А. ч. жерин кеңейтүү максатында түштүгүн жээктей сайроондорду кургатуу иштери жүргүзүлүүдө.
Өлкөнүн рельефи негизинен тоолуу. Чыгышында субмеридиан багытында Чыгыш Корей тоолору созулуп жатат. Түштүгүндө бийикт. 1915 мге жеткен Норён, Собэк кырка тоолору жайгашкан.
Эң бийик жери Чежудо а-ндагы – Халласан
өчкөн жанартоосу, анын кратеринде көл жайгашкан. Түздүктөр өлкөнүн аймагынын 1/
бөлүгүн ээлейт; алар негизинен К-нын батыш
бөлүгүндөгү ири дарыялардын төмөнкү агымдарында, деңиз жээктеринде жайгашып, калк жыш отурукташкан ж-а өтө өздөштүрүлгөн. К-нын аймагы Кытай платформасынын түн.-чыгыш чет-жакасындагы байкал бүктөлүүсүндө жайгашкан. К-да курамында висмут бар, вольфрам-молибден кенташынын ири кени жайгашкан; о. эле жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, уран, кадмий ж. б. кендери бар. Негизги
3
көмүр кендери (негизинен антрациттер) өлкөнүн борб. бөлүгүнүн чыгышында ж-а түш.-батышында, күрөң көмүр кендери өлкөнүн түш.-чыгышында жайгашкан. Графит, пирофиллит, тальк, цеолит, барит, кварцит, слюда, каолин, цементтүү акиташ теги, диатомит, сал туз, кум ж. б. кендердин ө. ж-лык мааниси бар. Сары деңиздин шельфинен табигый күйүүчү газдын кени табылган.
Басымдуу бөлүгүнүн климаты муссондук, түш.
четинде субтропиктик муссондук. Эң суук айынынын (январь) орт. темп-расы түндүгүндө –
7°Сден түштүктө 4°Сге чейин. Кышында түндүктөн, Азия антициклонунан кирген муздак
абадан кыска мөөнөткө (10–20 күн) суук абаырайы түзүлөт. Эң жылуу айынын (август, айрым жерлерде июнь же июль) орт. темп-расы
25–26°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1000–
1400 мм. Жайкы деңиздик муссонго байланыштуу жаан-чачындын көп жааган мезгили (июндан октябрга чейин) даана байкалат. Жайдын аягында ж-а күзүндө аймак тайфундун таасиринде да болот; түш.-батышы мезгил-мезгили м-н кургакчылыкка дуушарланат. Дарыя тармагы жыш; ирилери бүт Сары деңиз м-н Корей кысыгына куят. Ири дарыялары: Нактонган (уз. 520 кмден ашык), Ханган (514 км), Кымган (400 кмден ашык). Негизинен жамгыр же кар-жамгыр сууларынан куралат. Суу сактагычтар курулган. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 70 км3, жыл ичинде суу м-н камсыз болуусу 1,5 миң м3/адам. Суу ресурстарынын 36%и пайдаланылат.
3 миң түрдү камтыган флорасынын 220 түрүнөн ашыгы – эндемиктер. Жерг. токоюнун дээрлик
бардыгы 20-к-да кыйылып жок болгон. Азыркы токойлуулугу 63%, токой массивдери негизинен тоолуу аймактарда сакталган. Токойдун кыйылуусунан кыртыш эрозиясы ж-а суу ташкыны күчөгөн. Токойду калыбына келтирүү үчүн көбүнчө тез өсүүчү кызыл карагай отургузулууда. Чыгыш Корей тоолорунун жазы жалбырактуу токоюнда эмен, жөкө дарак, ак чечек, кара жыгач, грабдын түрлөрү өсүп, манжур жаңгагы, баркыт дарагы, зараң кездешет. Токой да-

рактары лианалар м-н чырмалган. Женьшень
өсөт. Токой астында куба күрөң топурак (бурозём) өөрчүгөн. Өлкөнүн түш. чет-жакасында
300–400 м бийиктикте субтропиктик аралаш
дайыма жашыл токой өсүп, астында кызыл топурак өөрчүгөн. Дарактуу ярусунда дайыма жашыл эмен, магнолия, кастанопсис, кагаз дарагы үстөмдүк кылат, кызыл карагай кездешет. Бадалдуу ярусун япон камелиясы ж-а бересклети, бамбук түзөт. Каптал өрдөй жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу токой (граб, каштан ж. б.) кездешет. Түздүктөрдө маданий өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Аллювий топурактуу түздүктөрү кылымдар бою шалы ж. б. эгиндер тынымсыз өстүрүлүп келгендиктен, өтө
өзгөрүүгө дуушарланган.
Сүт эмүүчүлөрдүн 90 (анын 12 түрү жоголуу коркунучунда турат, мис., ак төш аюу), уялоочу куштардын 150 (анын 19 түрү жоголуу алдында), сойлоочулардын 20, жерде-сууда жашоочулардын 14 түрү бар. Жээк суулары биол. ресурстарга, орнитофаунага бай. Өлкөнүн аймагынын 3,6%ин ээлеген 37 табигый аймак коргоого алынган. Анын 8и эл аралык маанидеги суу-саздуу аймак, 2 биосфералык резерват. Жанартоолуу Чежудо а. лавалуу туннелдери м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Калкы
. Калкынын басымдуу бөлүгү (99%и) корейлер; кытайлар 0,3%, калгандары – филиппиндиктер, америкалыктар, индонезиялыктар, малаялыктар, моңгол, вьетнам, япон, орус ж. б. улуттар. Төрөлүүнүн басаңдашынан калктын саны акырындап азаюуда. Төрөлүүнүн ж-а өлүмжитимдин азайышынан калктын курамы «картаюуда». 15 жашка чейинки өспүрүмдөр калктын 17,5%ин (1960-ж. 42,9% болгон), эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 72,1%ин (53,8%), 65 ж-а андан ашкан курактагылар 10,5%ин (3,3%) түзөт. Орто эсеп м-н 100 аялга 99,5 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 78,6 жыл (эркектерде 75,3, аялдарда 82,2 жаш). Сырткы миграция анча көп эмес, оң сальдо мүнөздүү. 21-к-дын башында жыл сайын өлкөдөн орто эсеп м-н 3,2 миң адам сыртка (негизинен АКШ, Японияга ж-а Батыш Европа өлкөлөрүнө окууга) кетет. 1990-жылдардан баштап, К-да иштөө үчүн (Кытай, Вьетнам, Филиппин, Таиланд ж. б. өлкөлөрдөн) келгендердин саны өсүүдө; ири шаарларда, айрыкча Сеулда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн (а. и. АКШ, Япония, Батыш Европа өлкөлөрүнөн) келген жогорку квалификациялуу адистер иштөөдө. К-да амер. аскер контингенти бар. Калкынын орт. жыштыгы б-ча дүйнөдө эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири; 1 км2 жерге 488 адам туура келет. Калк эң жыш жайгашкан провинциялары (2009): борб. Кёнгидо (1 км2 жерде 1193 адам), Чежудо а. (298), Түш. Кёнсан (297); ал эми Канвондо провинциясында эң сейрек (86) отурукташкан. Урбанизация ж-а субурбанизация процесстери ургаалдуу өнүгүүдө. Шаар калкы 81,5%ти түзөт (2008). Ири шаарлары: Сеул (калкы 9660,5 миң; 2009), Пусан (3352,0), Инчхон (Чемульпо; 2602,3), Тэгу (2413,6), Коян (1518,3), Тэжон (1431,1), Сувон (1374,5), Кванжу (1360,2), Ульсан (1073,6), Соннам (1023,2). Эң ири шаар агломерациясы – Сеул аймагы, анын калкы 22 456,2 миң, өлкөнүн калкынын 46%тен ашыгы; 2009). Экономикасында иштегендердин жалпы саны 24,2 млн; анын 75,2%и тейлөө чөйрөсүндө, 17,3%и иштеп чыгуучу ө. ж-нда ж-а курулушта, 7,5%и казып алуу ө. ж-нда, айыл ж-а токой чарбаларында, балык уулоодо эмгектенет.
Тарыхы
. Корей Республикасы 1948-ж. 15-августта түзүлгөн. Ли Сын Ман президенттикке шайланган. 1948-ж. ноябрда ал улуттук коопсуздук ж-дө мыйзам кабыл алып, Конституциянын (1948-ж. 17-июлда кабыл алынган) айрым жоболорун алып салып, солчул, жумушчу ж. б. уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салган. Ошол эле жылы өзү түзгөн Либералдык партия башкаруучу партияга айланган. 1948-ж. түзүлгөн келишимдердин негизинде АКШ өкмөтү Корей Респ-на экон. жардам берип турган. Корей согушунун (1950–53) бүтүшү м-н АКШ ж-а Корей Респ. өз ара коопсуздукту камсыз кылуу (1954), ядролук энергияны тынчтык максаттарга колдонуу (1956) ж-дө келишимдерге кол коюшуп, АКШ аскерлери К-нын аймагында туруктуу негизде калышкан. 1940-жылдардын аягы – 1950-жылдардын башында Корей Респ-нын экономикасы төмөндөп, өлкөдө массалык жумушсуздук пайда болгон. 1950-ж. К. өкмөтү АКШ-нын колдоосу м-н жер реформасын жүргүзүп, ири жер ээлеринин ашык жерлерин сатып алып, дыйкандарга берген. 1952-ж. августта президенттик шайлоодо Ли Сын Ман кайрадан жеңишке ээ болгон. 1954-ж. ноябрда ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президентке чексиз укуктарды ыйгарып, парламенттин айрым бийлигин чектеген. Мындай иш чаралар, о. эле инфляциянын өсүшү ж-а жумушсуздук өлкөдөгү ички саясий абалды курчуткан. 1960-ж. 15- мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу катачылыктар Апрель көтөрүлүшүнө (1960) алып келген. 1960-ж. 26-апрелде Улуттук чогулуш (парламент) президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылуу ж-а шайлоонун жыйынтыктарынын жараксыздыгын таануу ж-дө резолюция кабыл алган. 1960-ж. июнда парламент Конституцияга оңдоолорду киргизип, президенттин бийлиги чектелген (мындан ары президент эки палатадан турган парламент тарабынан шайланууга милдеттүү), солчул, жумушчу партиялар ж-а уюмдардын ишмердиктерине тыюу салуулар алып салынган. 1960-ж. августта Демокр. партиянын лидери Юп Бо Сон президенттикке

шайланган. 1960-ж. 1-октябрда өкмөт Корей Респ-нда Экинчи респ. орногондугун жарыялаган. Экинчи респ. өкмөтүнүн жакырчылык, коррупция ж-а кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүксүздүгү, элдин турмуш деңгээлинин начарлашы ж. б. элдин жаңы массалык чыгууларына шарт түзгөн. 1961-ж. 16-майда Пак Чон Хи баштаган офицерлер тобу мамл. төңкөрүш жасаган. Өлкөнү башкаруу Мамлекетти кайра куруунун жогорку кеңешине (МККЖК) өтүп, өлкөгө согуштук абал киргизилип, парламент, саясий партиялар ж-а коомдук уюмдар таркатылып, рев-ялык соттор түзүлгөн. 6-июлда МККЖК Конституцияны Чукул чаралар ж-дө мыйзам м-н алмаштырган. МККЖК расмий түрдө бийликтин жогорку органы болуп калган (Пак Чон Хинин жетекчилиги м-н). 1960-жыл дарды н ортосу нда АКШнын жардам ы м-н өлкөнүн экономикасы кризистен чыккан. Өкмөт «экспорт аркылуу индустриялаштыруу» саясатына өткөн. 1963-ж. октябрда Пак Чон Хи президенттик укукка ээ болуп, 17-декабрда Үчүнчү респ. жарыяланган. 1970-ж. Пак Чон Хи соц. мамлекеттер м-н болгон соода байланыштарын чектеген. 1968-ж. 1-июлда Корей Респ. Ядролук куралдарды таратпоо ж-дө келишимге кошулуп, өзүнүн ядролук программаларын МАГАТЭнин көзөмөлүнө койгон. 1972-ж. 4-июлда Корей Респ. ж-а КЭДРдин өкүлдөрү улуттук консолидациянын негизинде эки өлкөнү тынчтык жол м-н бириктирүүнү ишке ашыруу ж-дө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бирок, Корей Респ-нын башкаруучу чөйрөлөрү жетишилген макулдашууну жүзөгө ашырууга жолтоо болуп, 1974-ж. эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курч мүнөзгө өткөн. 1972-ж. Пак Чон Хи согуш абалын киргизип, парламентти ж-а саясий партияларды таркатып, Конституциянын ишин токтотуп, «Юсин» деген аталыштагы саясий реформаларды баштаган. 1972-ж. 21-ноябрда жалпы ул уттук референдумда Конститу цияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укугу кеңейип, Төртүнчү респ. мезгили башталган. Пак Чон Хинин демилгеси м-н Бириктирүүчү чучей (өз алдынча) элдик чогулушу (БЧЭЧ) түзүлүп, 1972-ж. 23-декабрда Пак Чон Хи кайрадан президенттикке шайланган. Пак Чон Хинин саясатына каршы 1979-ж. өлкөдө нааразычылыктар күч алган. Натыйжада Пак Чон Хи атылып өлтүрүлүп, мамлекет башына премьер-министр – Цой Гю Ха шайланган. 1980-ж. генерал Чон Ду Хван жетектеген аскерлер тобу мамл. төңкөрүш жасап, Цой Гю Ха бийликтен кетип, парламент таркаган. 1981-ж. Чон Ду Хван өлкөнүн президенттигине шайланган. Бешинчи респ-нын мезгилинде экономика жогорулап, ө. ж. ж-а тышкы соодада өзгөрүүлөр байкалган. 1987-ж. демокр. оппозиция өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талаптарын койгон. 1988-ж. Демокр. акыйкат партиясынын лидери, генерал – Ро Дэ У Алтынчы респ-нын президенттигине шайланган. Алтынчы респ-нын өкмөтү СССР (1990), КЭДР (1991), КЭР (1992) ж. б. соц. мамлекеттер м-н дипл. мамилелерди түзүп, 1991-ж. БУУга мүчө болгон. 1991-ж. эки корей мамлекетинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бири-бирине кол салбоо, тажрыйба алмашуу ж-а кызматташуу ж-дө келишимге кол коюлган. 1993-ж. Ким Ён Сам президенттикке шайланып, коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзгөн. 1997-ж. президенттик шайлоодо демокр. оппозиция лидери – Ким Дэ Чжун жеңишке жетип, КЭДР м-н болгон мамилелерди жөнгө салууга аракеттенген. 2000-ж. 13–15-июнда Пхеньянда корей мамлекеттеринин лидерлери Түн. ж-а Түш. Биргелешкен декларациясына кол койгон. Ким Дэ Чжундун тышкы саясатын кийинки президент – Но Му Хён (2003- жылдан) уланткан. 2008-жылдан өлкөнүн президенти Ли Мён Бак.
Чарбасы
. Корей Респ. дүйнөдөгү өтө өнүккөн
өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПсинин көлөмү 1278 млрд доллар (дүйнөлүк дүң продукциянын көлөмүнүн 1,7%и; дүйнөдө 10-орунда), аны киши башына бөлүштүргөндө 26 миң доллардан туура келет (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,928 (2006; дүйнөдөгү 179 өлкөнүн ж-а региондун ичинен 25-орунда). КРдин үлүшүнө дүйнөлүк иштеп чыгаруу ө. ж. продукциясынын 3,3%и (2007), а. и. кеме куруу продукциясынын 1/ ине жакыны, жарым өткөргүч өндүрүшүнүн 14%и, дүйнөлүк болот эритүүнүн 4%ке жакыны туура келет. ИДПнин реалдуу өнүгүүсү 2008-ж. 2,5%ти
түзгөн. Өлкөнүн экономикасынын 20-к-дын 2- жарымы – 21-к-да тез өнүгүүсүнө ИДПнин
өсүүсүнүн 1/ ине жакынын камсыз кылган мамл. ж-а жеке капиталдык салымдын динамикалык
өнүгүүсү өбөлгө түздү. Чет өлкөлүк инвестициянын чогулган көлөмү 120 млрд доллар (2007).
Чет өлкөлөрдөн түз түшкөн капиталдык салым 2008-ж. 10 млрд доллардан ашкан, анын 1/ инен ашыгы АКШга, Улуу Британияга ж-а Японияга туура келет. Корей Респ-нын компанияларынын чет өлкөлөрдө топтолгон инвестицияларынын суммасы 27,6 млрд долларды түзөт (2007); анын 29,2%и Кытайдын, 15,7%и АКШнын, 9,2%и Вьетнамдын экономикасына коюлган. 1980-жылдардан өлкөнүн экономикасында мамлекеттин ролу кыскара баштаган. Мамл. компаниялардын үлүшүнө ИДПнин 8%тен азы гана таандык. Орто ж-а чакан чарбаларда жумушчу күчүнүн 80%тен ашыгы иштейт. Алардын көбү субподряддын негизинде ири корпорациялардын
өндүрүштүк тармагына кирип, өз продукциясынын 95%ин аларга өткөрөт. КРдин экономикасынын уюштуруу структурасынын негизин үйбүлөлүк көп профилдүү ири компаниялардын топтору («чеболдор») түзөт. Өлкөнүн экономикасына чет элдик инвестицияны тартуунун ж-а илим сыйымдуу тармактардын маанисин
көтөрүүнүн негизги жолу – экономикасына
өзгөчө режим киргизилген аймактарды түзүү болуп саналат (мындай аймактар 2005-ж. 37 болгон). 8 эркин соода зонасы иштейт; аларга «Кунсан» (автомобиль куруу ж. б. машина куруу тармактары ж. б.), «Дэбул» (автомобиль куруу, металл иштетүү ж. б.), «Масан» (электр-тех., электроника ө. ж., байланыш каражаттары ж-а оптикалык аспаптар өндүрүштөрү) кирет. Эркин экон. зоналары (2003): «Инчхон» (информ. технология, биол. технология, финансы-банк ишмердиги, туристтик бизнес, деңиз порттору м-н эл аралык аэропотторду траспорт м-н тейлөө), «Чежудо» (аты окшош аралда; туризмдин ж-а оюн-зооктун борбору, финансы-банк кызматы, кеме жүрүү), «Пусан» (эл аралык соода


борбору, финансы-банк ишмердиги, туристтик бизнес, кеме куруу ишканалары), «Кваньян» (деңиз порту, туризм борбору). Чет өлкөлүк инвестицияда иштеген 14 зона («Асан» ж. б.) бар. Эл аралык транспорттук тейлөө чөйрөсүнө инвестиция тартуу максатында салыксыз соода жүргүзүүчү 4 зона ж-а эл аралык аэропорт (Инчхондо) уюшулган (2004). Стратегиялык маанилүү
ө. ж. тармактарынын өнүгүүсүн тездетүү ж-а
атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн 2002-жылдан 3 типтеги (улуттук, жерг. башкаруудагы, агр.-индустриялык) индустрия комплекстери уюшулууда. Улуттук индустрия комплексине караган ишканалар негизинен электроника ө. ж-нын татаал технол. буюмдарын (жарым өткөргүч, суюк кристаллдык дисплей, CDMA мобилдик телефону, оптикалык приборлор ж. б.) чыгарууга адистешкен. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсү 71,5%ти, ө. ж. 25,5%ти, айыл ж-а токой чарбалары, балык уулоо 3,0%ти түзөт.
Өлкөнүн ө. ж. продукциясынын наркынын
92,4%и иштеп чыгаруучу ө. ж. тармагына туура келет (2006). Башкы тармактары: машина куруу, металлургия, химия. Корей Респ. деңиз кемелерин, автомобиль, электрондук тиричилик приборлорун, телекоммуникация, металл иштетүү жабдууларын ж. б. чыгаруу б-ча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Энергетика комплексинин ишканалары ИДПнин 2,1%ин
өндүрөт. Энергия пайдалануу структурасында нефтиге 47,0%, табигый газга 13,4%, көмүргө 24,4%, атомго 15,2% туура келет. Нефтиге болгон муктаждык толугу м-н импорттон камсыз болот (2008-ж. 118 млн т ). Нефтинин негизги бөлүгү Ж. Чыгыш (Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери), о. эле Түш.-Чыгыш Азия ж-а Африка өлкөлөрүнөн келет. Өндүрүлгөн нефть продуктуларынын (2008-ж. 129,4 млн т;

газойл, мазут, лигроин, авиация керосини, бензин) көбү экспорттолот. 2007-ж. 2,89 млн т көмүр (антрацит) казылып алынган. Электр станцияларынын аныкталган запасы 68,27 миң МВт (2007). Өндүрүлгөн электр энергиясынын (425,2 млрд кВт.с) 60,0%и ЖЭСке, 33,6%и АЭСке, 1,2%и ГЭСке, 5,2%и энергиянын альтернативалуу булактарына (күн, шамал, геотерм. энергиялары, о. эле биоотун, ө. ж. ж-а тиричилик калдыктары) таандык. Ири ЖЭСтери отун катары көмүр пайдаланат. КРдин атом электр станциялары негизинен (97%и) чет өлкөлөрдөн (Канада, Австралия, Улуу Британия, Франция, Россия, АКШ,ТАРдан) алган ядролук отунга байланыштуу. 20 АЭС иштейт; жалпы кубаттуулугу 9400 МВт болгон дагы 8 атомдук энергия блогу курулууда (2009); Корей ж. а-нын түш. учунда Күн энергиясын пайдаланган дүйнөдөгү ири курулмалардын бири иштейт (20 МВт). Ансан ш-на жакын дүйнөдөгү ири ташкын электр станциясы бар (254 МВт) бар. Металлургия иштеп чыгаруу ө. ж. продукциясынын наркынын 7%ин түзүп, негизинен импорттук сырьё м-н иштейт.
Машина куруу – ө. ж. тармагынын маанилүү комплекси. Анын башкы тармактары: трансп. машина куруу ж-а электроника ө. ж.; кыймылдаткыч ж-а турбина, металл иштетүүчү станок ж-а аспаптар, тоо-кен, а. ч., муздаткыч, хим., мед. жабдуулар ж. б. өндүрүштөрү өнүккөн. Кеме куруу – транспорттук машина куруунун маа-

нилүү тармактарынын бири. Корей Респ. – деңиз кемелерин куруучу дүйнөдөгү ири өлкөлөрдөн. Түш. К-нын кеме куруу компаниялары 2007-ж. кеме куруу б-ча жалпы дүйнөлүк заказдын 38,9%ин алган (тоннажы б-ча; Корей Респнын негизги атаандашы Кытайдыкы 37,2%ти түзгөн); продукциясынын экспорттук наркы 2008-ж. 27,8 млрд долларга жеткен. Өлкөдөгү 9 ири кеме куруу компаниясынын жетөө дүйнөдөгү алдыңкы он компаниянын катарына кирет. Транспорттук машина куруунун маанилүү тармактарынын бири – автомобиль ө. ж. Автомобиль чыгарган дүйнөдөгү 5 ири өлкөнүн катарына кирип, экспорттук продукциясынын
көлөмү (37,3 млрд доллар) б-ча дүйнөдө 6-орунда. 2007-ж. 4,1 млн автомобиль чыгарган, а. и. жеңил автомашина 3,7 млн. Негизинен 4 автомобиль компаниясы иштейт. Автомобиль чыгаруучу эң ири «Нуundai Kia Automotive Group» концерни (1998) продукциясынын көлөмү б-ча Азияда 2-орунда (Япониянын «Toуota Motors» корпорациясынан кийин), дүйнөдө автомобиль
чыгаруучу 5 ири компаниянын катарына кирет. Автомобиль чыгаруучу кийинки «GM Daewoo Auto and Technologo Co.» компаниясына өлкөдө чыгуучу автомобилдин 23,1%и таандык. «Renault Samsung Motors» компаниясынын үлүшү өлкөдө чыгарылган автомобилдин 4,4%и, «Ssang Yong Moton Co.» компаниясына 3%и туура келет. Машина куруунун маанилүү
тармагы – электроника ж-а электр-тех. ө. ж.
КР жарым өткөргүчтөрдү (90%и чиптер); компьютердин тез эске тутуу модулун (микросхема), а. и. видео-карта процессор чиптери үчүн микросхемалар, катуу диск (HDD); СК-дисплей (монитор); СК ж-а плазма телевизорлорун; GSM, CDMA, 3G, WiMAX стандартындагы тез телефондорду; ноутбук, принтер ж-а көп функциялуу түзүлмөлөрдү (мис., сканер+принтер); IР-телефония ж-а 3-, 4-муундагы зымсыз байланыш тармактары үчүн жабдуу чыгаруу б-ча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Информ. технол. продукцияларына өлкө экспортунун көлөмүнүн 30%ке жакыны туура келет. Роботтехникасын (баасы б-ча дүйнөдө 6-орунда), тиричилик электр приборлорун (муздаткыч, микротолкун мештери, кир жуугуч машина, кондиционер, чаң соргуч ж. б.) чыгаруу б-ча дүйнөдө алдыңкы орунда; белгилүү компаниялары:
«Samsung Group», «LG Group», «Samsung Electronics» ж. б. Өнүккөн мед. жабдууну өндүрүү тармагында 1652 компания иштеп, 7 миңден ашуун наамдагы (татаал диагностика приборлорун ж-а жабдууларын, электр массаждагыч ж. б.) жабдууларды чыгарат. Химия ө. ж-нан импорттук сырьёнун (фосфат, калий тузу, табигый газ ж. б.) негизинде иштеген минералдык жер семирткич өндүрүүдө эң натыйжалуу комплекстүү жер семирткичтер (азот-фосфор, фосфор-калий, азот-фосфор-калий) басымдуулук
кылат. Нефть-химия ө. ж. – химия индустриясынын маанилүү тармагы. Пластмасса ж-а синтездик (полиэтилен, поливинилхлорид, АБС-пластик, полипропилен, полистирол, синтездик була, синтездик каучук ж. б.) чыгаруу өнүккөн. Автомобиль куруунун өнүгүүсүнө байланыштуу шина чыгаруу өндүрүшүнүн мааниси жогорулоодо. Химия-фармацевтика ж-а микробиология ө. ж. – 21-к-дын башында өлкөнүн экономикасынын ылдам өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Продукциянын 26 миңден ашык түрүн чыгарат. Вакцина өндүрүшүнүн көлөмү б-ча (дүйнөлүк өндүрүштүн 1,4%ке жакыны, наркы 9,7 млрд доллар, 2008) Респ. дүйнөдө 11-орунду ээлейт. Жеңил ө. ж. кытай товарлары м-н
өтө катуу атаандаштык шартында өнүгөт.
Текстилинде синтездик буладан (бир аз накта була кошулуп) жасалган кездеме басымдуу. Тигүү ө. ж-нын атаандаштыкка чыгуусуна о. эле жогорку технол. материалдардан (керектүү маалыматтарды, мис., аба ырайын, валюта курсун ж. б. берип туруучу цифралуу электрондук приборлору кошо) тигилген салыштырмалуу кымбат атайын касиетке ээ цифралуу кийимдердин да мааниси зор. Ички рынокто аялдардын улуттук костюму – «ханбок» көп талап кылынат.
Спорттук кийимдерди ж-а парик чыгаруунун экспорттук мааниси зор. Текстиль, кийим тигүү ф-калары (негизинен чакан ж-а орто) өлкөнүн жалпы ө. ж. ишканаларынын санын 14,2%ин түзөт. Компаниялары кийимдин түрдүү предметтерин (60ка жакын бренд), синтездик була, кийим (а. и. спорттук, балдардын кийимдери, аялдардын ич кийими, байпак, бут кийим ж. б.)
чыгарат.
Дүйнөлүк агр. продукциянын наркындагы Корей Респ-нын үлүшү 1,85% (2007; дүйнөдө 11- орунда). Агр. өндүрүштүн өсүүсүн (21-к-дын башында орто эсеп м-н 2%) а. ч-га жарактуу жеринин аздыгы кыйла чектейт. А. ч-га жарактуу жеринин аянты өлкө аймагынын 18,6%ин түзөт (2007-ж. 1,82 млн га); а. и. айдоо жери 16,6%, көп жылдык маданий өсүмдүктөр 2%тей. Сугат жери 0,88 млн га. Дыйканчылыгында
чакан дыйкан (ферма) чарбалары басымдуу. Негизги азык-түлүк эгини – шалы. Өлкө күрүчкө болгон өз муктаждыгын толук камсыз кылат. Шалы 1,08 млн га жерге эгилет. 2007-ж. 5,9 млн т акталбаган күрүч жыйналган. Шалынын вегетациялык мезгили муссондук жаан-чачындуу мезгилге (июлдун аягы – сентябрдын
башталышына) туура келгендиктен, шалы палдары сууга толгуча, июлдун ортосуна чейин ал жерлерге арпа, буудай, о. эле жашылча өстүрүп алышат. Кайрак жерлердин басымдуу бөлүгүнөн жылына 2 жолу түшүм алынат. Алгач арпа,
чанда буудай эгилип, алар жыйналып алынгандан кийин шалы, таруу, ак жүгөрү, жүгөрү, буурчак өстүрүлөт. Май өсүмдүктөрү (кунжут, жер
жаңгак, рапс ж. б.), тех. өсүмдүктөр (тамеки, пахта), бардык жеринде жашылча, картөшкө, мандарин, шабдаалы, алмурут, алма ж. б. өстүрүлөт.
А. ч-нын эң тез өнүгүп жаткан тармагы – мал
чарбасы. 2007-ж. 9850 миң чочко, 2580 миң уй, 527 миң эчки, 22 миң жылкы, 121 000 миң тоок ж-а жөжө, 8600 миң өрдөк, 15 миң күрп, 9 миң каз ж-а цесарка асыралган. Аарычылык да өнүккөн. Экспорт үчүн токой козу карындары ж-а каштан мөмөсү жыйналат. Балык уулоо ж-а суу промысели өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы. Калктын тамак-ашындагы жа-

ныбар белокторунун 1/ и балык ж-а молюска продуктуларына туура келет; тамак-ашта витаминге ж-а микроэлементтерге бай деңиз балырлары кеңири пайдаланылат. Деңиз аквакультура продукциясынын 55%ке жакынын балыр (вакаме, нори, хидзаки, комбу), 35%ин молюска (устрица, мидия ж. б.), 9,8%ин балык, 0,2%ин креветка түзөт.
Өлкөнүн экономикасынын эң ири сектору –
тейлөө чөйрөсү. Анын маанилүү тармактары: кредит-финансы ж-а камсыздандыруу иштери, дүң ж-а чекене соода, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси ж-а тиричилик жактан тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, транспорт ж-а байланыш, адм. тейлөө, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж. б. Кредиттик мекемелердин системасы 14 коммерциялык банкты (анын 8и улуттук масштабда), 5 миңге жакын филиалы м-н, камтыйт. Рекреациялык тейлөө ургаалдуу
өнүгүүдө. 2007-ж. өлкөгө 6,5 млн чет өлкөлүк турист келген. Көбү Япониядан (34,7%и), Кытайдан (21,8%и; Тайвань кошо), АКШдан (11,0%и) ж-а Европа союзуна кирген өлкөлөрдөн (8,7%и) келет. Чет өлкөлүк туризмден түшкөн киреше 5,23 млрд доллар, анын 2,31 млрд доллары ишкердик туризмге таандык. Чет өлкөлүк туристтер негизинен эл аралык Инчхон аэропорту аркылуу келет.
Заманбап трансп. коммуникациясы өнүккөн. Т. ж-нун жалпы уз. 3381 км, анын 1843 кми электрлештирилген (2008). 79 маршруту бар. Башкы т. ж. түйүнү – Сеул. Сеул – Тежон – Тэгу–
Кёнжу – Пхохан – Пусан – Тэжон – Кванжу –
Мокпхо тармагы бар) ылдам (саатына 300 кмдей) жүрүү т. ж. иштейт. Сеул, Тэгу, Инчхон, Тежон, Кванжу ш-нда метрополитен бар. Автомобиль жолунун уз. 103,0 миң км (2008), анын 3,4 миң
кми – көп тилкелүү ылдам жүрүүчү автомагистраль. Магистралдык куур транспортунун уз. 2250 км (2008), анын 1423 кми газ, 827 кми нефть куурлары. Деңиз транспорту эл аралык жүктүн негизги бөлүгүн тейлейт. Эң ири деңиз портторунун жүк айлануусу: Пусан (243 млн т; о.эле Япония м-н К-нын ортосундагы жүк ташуунун негизги бөлүгүн тейлейт), Кваньян (198 млн т ), Ульсан (169 млн т ), Инчхон (138 млн т ; Кытай порттору м-н байланышты тейлейт), Пхохан
(62 млн т). Паром аркылуу Пусан Япониянын Симоносеки, Фукуока, Осака порттору, о. эле Цусима а-нын порттору, Инчхон Кытайдын Дальян, Тяньцзин, Вэйхай, Циндао ж. б. порттору, Сокчхо порту Россиянын Зарубино посёлкасы, Владивосток ш. м-н байланышат. Ички паромдук байланыш да өнүккөн. Корей Респнын желеги м-н 812 деңиз соода кемеси катталган (анын 31и чет өлкөлүк кеме ээлерине таандык). Авиация транспорту эл аралык жүргүнчүлөрдүн негизги бөлүгүн ташыйт. Өлкөдө 150 аэропорт иштейт. Эл аралык аэропорттору: Инчхон, Кимпхо, Чежу, Кимхэ (Пусанга жакын), Муан, Яньян. Тэгу ж-а Чхонжу ш-нда.
Сырткы соодасынын көлөмү 728,3 млрд доллар (2007), а. и. экспортунуку 371,5 млрд доллар, импортунуку 356,8 млрд доллар. Товардык экспортундагы маанилүү орунду электрондук ж-а электр-тех. ө. ж. продукциялары (жарым
өткөргүчтөр, телекоммуникация жабдуулары,
компьютер, электр-тиричилик приборлору ж. б.), автомобиль ж-а анын тетиктери, агрегаттары, деңиз кемелери, нефть продуктулары, пластмасса ж-а синтездик чайыр, болот прокат.
Товарларын негизинен – Кытайга (Сянганга
кошо, 27,1%), АКШга (12,4%), Японияга (7,1%)
чыгарат. Негизги импорту: ө. ж. ж-а транспорт жабдууларынын ар кандай түрлөрү, электрондук приборлор ж-а компьютер, нефть, болот, орг. химиянын продуктулары, а. и. пластмасса. Товарларды Кытайдан (17,7%), Япониядан (15,8%), АКШдан (10,5%), Сауд Арабиясынан
(5,9%) алат.
Билим берүүсү
. 1945-жылдан баштап Кореяда эски мектептер жоюлуп, билим берүүнүн жаңы системасы түзүлгөн. 1950-жылдан баштап жалпыга милдеттүү 4 жылдык окууну киргизүү каралып, ал 1956–57-ж. гана ишке ашырылган. 1958-ж. акы төлөп окуу жоюлган. 1958–59-ж. жалпыга милдеттүү 7 жылдык билим берүү киргизилген. 1959-ж. билим берүү системасы кайра түзүлүп, башталгыч мектепте 4, толук эмес орто мектепте 3, тех. мектепте 2 ж-а жог. тех. мектепте 2 жылдык окуу киргизилген. 1967–68-окуу жылында жалпыга милдеттүү 9 жылдык билим берүү киргизилген. 1973-ж. жалпыга милдеттүү 10 жылдык билим берүү ж-а мектепке чейинки