КОРЕЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙЛЕР [өздөрүн Корей Респ-нда хангук-са­рам, Корей Элдик Демократия Респ-нда (КЭДР) ч о с о н - с а р а м деп аташат) – эл, Корея Респ­нын (46,9 млн) ж-а КЭДРдин (23,7 млн) негизги калкы. Жалпы саны 78 млн киши, а. и. Кытай­да 1,9 млн, Японияда 700 миң, АКШда 1,5 млн, Өзбекстанда 250 миң, РФте 148,6 миң, Казак­станда 99,7 миң, Кырг-нда 19 миң, Тажикстан­да 14 миң (2008). Корей тилинде сүйлөшөт. Чы­гыш Азиядагы байыркы элдердин тукумдары­нан. К-дин этностук негизин палеоазиат, про­тоалтай ж-а австронезия уруулары түзгөн. 10–

14-к-да эл болуп калыптанган. К. дыйканчы­лык, мал чарбачылык, жибекчилик ж-а балык кармоочулук м-н кесиптенип, дубалы жыгач­тан салынып, ылай м-н шыбалган үйлөрдө жа­шашкан. Үйдүн ичи корей тибинде салынган он­доль (мештин мору полдун алдына салынган­дыкт ан, жыл у у

пол го укт ашат ) арк ыл у у жы­лыйт. Бул систе­ма көп кабаттуу үйлөрдө да колдо­нулат. Эркектери ак түстүү шым, көйнөк, улгайган­дары кышкысын мех чыптама же узун халат (тру­маги), аялдар узун жеңдүү, кыска чыптама (чогори), к ен е н тиги лг ен ыштан ж-а юбка (чхима), о. эле европа стилинде кийимдерди ки­йип, кур курчанат. Тамак-ашы негизинен туз­суз, бууга бышкан күрүч, ачуу татымалдар, эт (чочко, кээде ит), балык, туздалган жашыл­чалар. Күрүчтөн жасалган аракты жылытып ичишет.