КОРДОВА 1
КО́РДОВА – Аргентинадагы шаар. Кордова провинциясынын адм. борбору. Пампа табигый обл-нун (бийикт. 360–480 м) чегинде жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2009; агломерациясында 1,8 млн). Калкынын саны б-ча Буэнос-Айрестен кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1573-ж. негизделген. Шаардын эски бөлүгүндө колониялык мезгилдеги курулуштар (а. и. собор; 1573), чиркөөлөр сакталган. Иезуит курулуш комплекстери (а. и. Улуттук ун-ттин има-

раты) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. К-да ири банктар, «Intel», «Moto- rola» корпорацияларынын филиалдары жайгашкан. Авиа (а. и. реактивдүү самолёт ж. б. ) ж-а машина (фр. «Renault», итал. «FIAT», «Iveco», германиялык «Volkswagen») куруу, тамак-аш,
текстиль, булгаары–бут кийим, эмерек ө. ж. ишканалары, уран байытуучу з-д иштейт. Улуттук ИА, ун-ттер (а. и. Католик, 21-кылым ж. б.), ин-ттар, пинакотека, сүрөт галереясы, музей бар. Зоология ж-а ботан. бак уюштурулган.