КОРДИЛЬЕРА ТООЛОРУ
КОРДИЛЬЕ́РА ТООЛОРУ (исп. Cordilleras – тизмек) – Жер шарындагы эң узун тоо тармагы.
Түн. ж-а Түш. Американын батыш четтери м-н 66° түн. кеңдиктен (Аляскадан) 56° түш. кеңдикке (Оттуу Жер а-на чейин) узата созулуп жатат. Уз. 18 миң кмден ашык, туурасы Түн. Америкада 1600 кмге, Түш. Америкада 900 кмге чейин. Канада, АКШ, Мексиканын, Борб. Америкадагы өлкөлөрдүн, Венесуэла, Колумбия, Эквадор, Перу, Боливия, Аргентинанын ж-а Чилинин аймагында жайгашкан. Тынч ж-а Атлантика океандарынын алаптарынын суу бөлгүчү, о. эле климаттык чек болуп саналат. Бийикт. б-ча Гималайдан ж-а Борб. Азиядагы тоо системаларынан гана кийин турат. Эң бийик чокулары: Түн. Америкада Мак-Кинли (6193 м), Түш. Амеркада Аконкагуа (6960 м). К-нын бүт системасы
экиге бөлүнөт – Түндүк Америка Кордильерасы
ж-а Түштүк Америка Кордильерасы же Анд тоолору. Тоо пайда болуу процесстери Түн. Америкада юра мезгилинде, Түш. Америкада бор мезгилинин аягында башталган ж-а башка материктердеги тоо пайда болуу процесстери м-н тыгыз байланышта болгон (мис., Альп бүктөлүүсүнө).