КОРГОО ФОНДУСУ
КОРГОО ФОНДУСУ – Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде фронттун муктаждыгы үчүн мурдагы СССР эмгекчилеринин ыктыярдуу топтогон акчалай ж-а материалдык каражаты. К. ф-на демилге көтөргөндөрдүн бири, колхозчу Ф. П. Головатый (Саратов обл.) согуш самолётун курууга 100 миң сом берген (1942). 1941–45-ж. К. ф-нун жалпы каражаты 16,0 млрд сомго жеткен (Кызыл Армия фондусу м-н). Мындан тышкары ага мамл. заёмдун 4,5 млрд сомдук облигациясы ж-а чет өлкөлүк кошумчадан 15,8 млн сом акча түшкөн. Кырг-ндын эли согуш жылдарында К. ф-на танк, самолёт куруу үчүн 189 млн сомдон ашык акча жөнөтүп, 57,3 млн сомдук мамл. заёмдун облигацияларын сатып алышкан. Кырг-ндан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 миң жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн. Кырг-ндын колхоздору м-н совхоздору К. ф-на пландан тышкары 4,5 млн пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн. З. Өмүрзакова (130 миң), Э. Кулмамбетова (106 миң), Ү. Жаңыбаев (50 миң), О. Кулматов (50 миң), К. Ботугуров (48 миң), О. Жаңыбаев (40 миң) ж. б. ондогон кырг-ндыктар согуш техникасын курууга акчалай ж-а материалдык салымдарын кошкон. Кырг-ндын эмгекчилеринин каражатынан куралган «Советтик Кыргызстан» танк колоннасы Сталинград салгылашуусуна катышкан.